Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Обо-Бел гипс кени

Обо-Бел гипс кени Нарын районунда, Нарын шаарынан 20 км түштүк тарапта, Аламышык тоосунун түштүк этегинде. 1957–59-ж. изилденген. Кен аймагын палеоген-неогендин чөкмө тектери түзөт. Гипс катмары неогендин чопо катмарынын арасында жатат. Мында гипстин эки катмары бар. Астынкы катмар мала кызгылт гипстен туруп, калыңдыгы 5–12 м, узундугу 1 кмдей. үстүнкү катмар кызгылтым ак гипстен түзүлүп, калыңдыгы 3,5–6,5 м. Узундугу 1,5 кмге созулат. Бул гипстер жакшы сайкалданат. Арасында кызгылтым селениттин жука катмарчасы учурайт. Запасы С2 категориясы боюнча 540 мин т. Көркөм-кооз буюмдарды жасоого сырье катары колдонсо болот. Бекемдиги жагынан курулуш гипс катары колдонууга жараксыз. Кыртышты гипстендирүүдө, цемент өндүрүүгө колдонсо болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)