Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үй

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Үй

Адамдардын жашоосун үйсүз элестетүүгө болобу? Албетте жок. Үй биздин суук, жамгыр, кардан коргоочу турак жайыбыз. Азыркы мезгилдеги көп кабаттуу үйлөр кандайча куруларын биле жүрүү зарыл. Келечектеги үйдүн пайдубалын куюш үчүн адегенде эксковатор менен жерден чоң чуңкур казылат. Пайдубал - тургузула турган дубалдын таянычы, негизи. Ансыз үй курууга болбойт. Алгач казылган чуңкурга темир-бетондон жасалган калың плиталар коюлат.

Ал дубалдардын таянычы болот. Фундамент даяр болгон соң дубалдары тургузула баштайт. Ар бир дубал терезеси, ал түгүл балкону менен даяр түрүндө түз эле заводдон алынып келинет. Көтөргүч кран темир-бетон плиталарды көтөрүп, тийиштүү ордуна коёт, ал эми жыйноочулар аларды бекитет. Тепкичтердин даяр бөлүгүн, ичи кафель плиткалары менен капталып, суу түтүктөрү орнотулган ванна бөлмөсүн, квартираларды бөлгүч керегелерди жана үйдүн үстүнө жабылуучу зор темир-бетон плиталарын - ушулардын бардыгын көтөргүч кран авточиркегичтен этият алып өз орундарына коёт. Монтаждоочу-жыйноочулардын артынан дароо жасалгалоочулар келишет.

Алар терезе-каалга, шыптарды сырдап шыбап, дубалдарга обой кагаздарын чаптап, үйдүн таманына паркет төшөшөт. Үйдү курууда: болот, монолиттүү темир-бетон, пластмасса, алюминий сыяктуу материалдар колдонулат. Үй - татаал машина. Анын дубалдары аркылуу өткөн ысык жана муздак суу, канализация, үйдү жылытуучу жана газ келүүчү түтүктөрү чакырымдап өлчөнөт. Электр, телефон, радио коюлган. Ал эми таштанды түтүгүчү! Лифтчи! Мындай татаал чарбачылыкты башкаруу жана алардын жакшы иштеп турушу үчүн, көп батирлүү чоң үйлөрдө атайын электриктер, жыгач усталар, слесарлар, суу түтүктөрүн оңдоочулар, ал түгүл диспетчер да иштейт. Бир үйдүн подъезддинде лифт жүрбөй калды, тигинде раковинадан суу өтпөй калды, бул жерде кыштын кычырап турган кезинде борбордук түтүктүн суусу муздап калды.

Ошентип диспетчер мастерди жиберип, алардын иши жөнгө салынат. Бирок азыркы учурда чынында эле ушундайбы?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 578, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо