Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Үй жыгачын кармоонун негизги ыкмаллары

Үй жыгачын кармоонун негизги ыкмаллары — Бул — уук, кереге жана түндүктү жасоо жолдору. Боз үйдүн жыгачын кармоодо чеберлердин бири-бирине окшобогон жекече чыгармачылык ыкмалары бар. Жыгачты матоодо «кызытуу» эң эски ыкма. Мында уук-керегелик жыгачтын учу чыкпагандай арыкча казылат. Ага койдун кыгын толтуруп, анын көк түтүнү көтөрүлгөнчө «кор» кылат. Ага жыгачты сойлотот. Мындай ыкманын бир жагынан опурталдуу жагдайы да сезилет. Кор калың болуп, өтө таптуу келсе жыгач чычала болуп, талдан коромжуга учурайт. Кээ бир тал какшып кетип, тезге салып басканда «кырс» этет. Чебер «тездин баскычы» сол капталына салып, кучкач ээрдин кошундусундай эки ачакей алиги тезге аштап, салмак менен басканда, алиги тал каалагандай ийилет.

Мындай ыкманы колдонуу аркылуу чеберлер ууктун «тизгич сызмасы», «жабык башы» жана «кереге көзү» байлана турган тарабындагы ийгилүү жерин ойдогудай имерип алышат Тездин баскычысыз уукту, керегенин көзүн, түндүктүн чамгарактарын ийүүгө эч мүмкүн эмес. Айрым айылдарда үй жыгач кармоодо дагы мына мындай ыкманы колдонушат. Кыйылган тал жети күндүн ичинде аарчылат да, тезге коюлат. Мисалы, кайыңды кыйып келип, дароо аарчый коюп, анан аны какшытат. Муну матоого салаардын алдында бутактарын жонуп таштайт. Уук, кереге эки курдай маталат. Жыгаччылар үчүн түз тал, албетте, табылгыс.

Бирок, узануу дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Ошондуктан, ийри-сүйрү жыгачты да кадиксиз матоонун, аны октой түз кылуунун сырларын чеберлер мыкты билишет. Абалкы узанууну «кок» кылуудан баштаган менен анын ич ара айырмалуу жагы бар. «Кок» — койдун кыгын «түтөтүү» дегенди түшүндүрөт. Кыйылып келип, ак чечек болуп аарчылып коюлган жыгачтар ошол «кокко» сойлотулат. Талды коктун үстүнө салса, дүрт күйүп кетиши ыктымал. Демек, аны үйүлгөн кыктын түбүнө ыкшообуз керек. Талдарды «кокко» коюуну беш-алты минутадан ашырбоо зарыл. Мында бир саамда сегиз тал сойлотулат да, алардын кызуусун суутпай матаганча, кийинки талдар ойдогудай жибип, матоого даяр болуп калат.

Анан матоодон чыккан жыгачтын ар биринин өңүн жылмалатуу үчүн бычак керек. Албетте, боз үйдүн керегесин жасоодо чеберлер адамдардын талабын эске алышат. «Жыйганда жеңдей кереге, Жайганда укмуш жашылат» (Ж. Садыков) кереге он үч көктүү, эң эле мыктысы он беш көктүү болот. Чебер эгер керегенин талын он беш көктүү кылгысы келсе, он төрт жолу, он үч көктүү кылса, он эки жолу үшкүлөйт. Үй жыгачтарына кызуу узануучуга биз үлгүнүн дагы бир катары мына бул ыкманы сунуш кылабыз: Кара талдын да жер шартына жараша ар кандай түрүн эске алып, аны кыйып, аарчып туруп, кургатсаң жеңили начар, салмактуу келсе, ошол мыкты болот. Ошентип, үй жыгачынын негизги жердигине турпан талдан өтөөрү жок. Мунун чырпыгын болушунча узун кыркуубуз керек. Аарчып туруп, түбүнөн тутам калтырып ийет. Болбосо тал жарылып кетет.

Муну чеберлер көбүнчө март, апрель айларында кармашат. Аны ийүүнүн биринчи ыкмасы — койдун сары кыгын алып келип, кырдап төгөт да, тегиз коңур күйүп чыккандан кийин берки кыкты нымдуу кылып, үстүнө төгөт. Аркы чоктонгон отко жеткирбей, бери жагы ысыйт, ошого талдар сойлотулат. Демек, көтөрүлгөн буу сыртка чыгып кетпеси үчүн күрөктүн сырты менен кыкты улам таптап турат. Ошондо болжолдо 15—20—30 минутада жыгач ойдогудай жашыйт. Экинчиси, жылкы менен кой-эчкинин кыгын камдап алып, аны абдан аралаштырат, жыгач сойлогондой узун төгүп үйүп, ага суу аралаштырып, таптап койсо, бир-бир жарым күндө кык өзү эле кызыйт. Ага, сойлотулган жаш талдар бир - бир жарым саатта, кургаган талдар үч-төрт саатта матоого жарайт. 75 баш үйдөн жогорулардын керегеси 15—17 көктөн турат. Болбосо, керегенин эриши кыска болот да, үй шоңшоюп, же жалпайып калат.

Айрымдар кереге аттууларды эки түргө бөлүп узанышат. Он беш көктүүсүн «тор көз», он үч көктүүсүн «жел көз» деп атайт. Чынында, боз үйдүн ичи көркү тор көз керегени тигүүдөн бөтөнчө көрүнөт. (Төөнүн териси менен кереге көктөөдө этиеттик керек. Көк катуулук кылып, кереге элпек ачылып-бүктөлбөй коюшу да мүмкүн.

Төө теринин жаңы ээр каптоодо сезилет. Бирок, бүгүн төө терисин табуунун өзү чынында кыйын.) Талды кыйып келип, эки учун кыркып, так ченеп, анын кабыгын аарчып туруп кургатат. Жалаң жылкынын кыгына суу сээп, үйүп койсо, ал үч күндүн ичинде өзүнөн-өзү кызып чыгат. Ошондо ортосун ачып, уук-керегелик жыгачтарды эки бөлүп жаткызат.

Кызытылган кыкта күнү-түнү болот. Ушундан кийин четинен суутуп тезге коет. Анда чыканактай ийри жыгачтарды да октой түз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Матоодон ойдогудай чыккан жыгачты кырып-жышып, «кобулун» алып, аны сырдоого даярдайт. Сырдоодон чыккан керегенин баш-аягы өлчөнүп, темгек салынат.(Темгек салуу — көзөнөктөөчү жерин белгилөө.) Муну көзөө үчүн чеберлердин үшкүлөрү болот.

Так баяндаганда жерге эки казыкты кагып, бирөө кайыш менен тартат, чёбер өзү керегени улам кыдыртып кармап турат. Көзөлгөн керегелер экиден кошоктоло жайылат да, көктөө аракети башталат. Боз үй тигүүнүн ата конушу Нарын аймагындагы усталардын үй жыгачка узанууларында өзүнчө бөтөнчөлүктөрү баамдалат. Үй жыгач үчүн атайын тал тигилет. Үч жылдан кийин анын бир түбүн кыйса, бутактарынан отуз кырктай майда чырпык шоолдоп өсөт.

Ансыз өсүп турган талдар бат эле жапалактап куурай баштайт. Түнт болуп чыккан талды жаш талга айландырыш үчүн мезгил-мезгили менен кыйып суюлтуп турат. Кыйылган талдын жыйырма-отуздайын төрт жеринен зым аркылуу боолоп, аны көлөкө жайга он-он беш күндөй кургатат. Муну кайрадан чөөткө салып жашытат. Талды тезге коердун алдында, адаттагыдай, «корго» сойлотот. Төө терини сууга жибитип челдегенден кийин муну чебер жети-сегиз мм ден тилет. Жаткырылган кереге экиден бир, экиден бир байланыштырылат.

Ошентип, үй канча баш тигилсе, кереге баштан туташ көктөлүп отурат. Элибизде сексен баш боз үйдүн бир канаты 16—17 баштан чыкса, аны «алты канат» дейбиз. Нарындык жыгаччылар тал аттууларды «көк тал» жана «ак тал» деп экиге бөлүшөт. Жумшак келип, бат эле матоосунан жанып кеткендиктен көк талдан боз үйдүн жыгачын кармашпайт. Жапайы талдардын ичинен сөгөт тал (кызыл тал) көп кездешет. Мунун көчөтүн өстүрүп, үй жыгачы үчүн узануубуз тийиш. Үй жыгачын ийиш үчүн адегенде алардын узун-кыскасын ченеп кесип алат. Даярдалган ууктук жана керегелик жыгачты түтөгөн морго салгандар бар. Кык күйүп кетпесин үчүн үстүнө суу бүркүп турат.

Түштүк кыргыздарда үй жыгачын кызытуу бөтөнчөрөөк. Топурактан бийик меш (мор) жасайт. Анын моюн жагы ичке болот. Мордогу жыгач солкулдап жумшайт. Кадимки эле койдун саргектей жаңы кыгын бир чекесинен жайып, ага суу сээп, анын үстүнө кайрадан кык кошуп, дагы суу чачып, тизе боюндай сары кыр үйүлгөндө уук - керегелик талды ошого сойлотот. Билектей талдардын бир тобун, ошентип, катар сойлотуп жаткызгандан кийин анын үстүнө дагы кык бастырып, кайрадан чакалап сууну кол менен шапшып себет. Талды дагы үстүнө тизе баштайт.

Акыры үйүлгөн кык балык жон болот. Бир жарым саат убакыттан кийин ысык буу өйдө көтөрүлүп чыгат. Анан жыгачтарды сууруп алганда ысыган жыгачтын илеби көпкө суубай, талаптагыдай жашып турат. Тезге дароо коюп, ийри-муйрусу жеңил түзөтүлөт. Айрым аймакта эчки талды «сомби тал» дейт.

Кесилген карт талдардын ордуна майда талдар өсөт. Муну кыйып, нымдуу жерге атайын жыш тигип таштайт. Ал камчы саптай түз чыгып, өтө ийилгич келгендиктен, аны кыйып келип, кабыгын аарчыбай туруп кургатат. Бул да күзүндө кыркылат. Кабыгын дароо аарчыса, жыгач жарылма болот.

Кыштай жаткан талды жазда сууга бир жумадай таштаса, ал аябай жибийт. Андан кийин кабыгы аарчылат да, тезге коет. Тарткычын учурунда жыгачтын кабыгы жылмаланып кетет. Талды кыйып келип, кабыгын дароо аарчып кургатып, анан тезге салууга да болот. Тал тарткыдан өткөндөн кийин матоого түшөт. Мурун үшкү аркылуу көзөлсө, алар азыр сверлону колдонуп жатышат. Үй жыгачтык талды январь, февраль айларында барып кыйгандар да бар. Ошол тапта өсүмдүктүн өзөгүнө суу жугузбай, жыгач Хаана бышып, катуусуна тарткан учуру болот. Калган чактары жыгачтардын кандайдыр борпоңдугу сезилет.

Ошондо кыйылган жыгач майга дейре кыймылдабай бир орунда жатат. Тал эки айда талаптагыдай кургайт. Ал табы менен кургабаса жарылып кетет. Чеберлер жасап алган узундугу төрт метр бочкасына жыгачтарды толтура салат. Жел чыкпаган бууга талдарды эки саатча кармайт. Ошондо жыгач былпылдап жашыйт. Албетте, бул — жаңы ыкма, минтип буюм кармоо усталардын новатордугу болуп саналат. Матоодо жана тезге салууда кереге баштарын артка кайкалата, уук билериктерин имерилте ийген чеберчилик мында бөтөнчө сезилет.

Натыйжада, боз үй өтө кептүү тигилет. Жоон талдарды (төрт чарчылап) тилип, аны кайнатып алып матаса, андан бетер мыкты болот. Чеберлер көркөм буюм кармоодо ар бир жыгачтын ийкемдүү жагдайларын жакшы билишет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)