Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үмөтов Жумабай

Баш барак | Биографиялар | Үмөтов Жумабай

Үмөтов Жумабай(1933, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы -1995, Бишкек ш.) колдонмо өнөр сүрөтчүсү. Кыргыз эл сүрөтчүсү (1979), Кыргыз Республиканын исквого эмгек сиңирген ишмери (1979). В. И. Суриков атындагы Москва сүрөт институтунун көркөм мектебинен, В. И. Мухина атындагы Ленинград жогорку көркөм окуу жайынан билим алган. Ү. негизинен кездемелердин бетине түр салуу, улуттук оймо-чиймелерди иштеп чыгуу өнөрүнө көп эмгек сиңирген. Ал түр салган килем Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөдө жогорку баага арзыган. «Аңчы» (1960), «Кубаныч бийи» (1972) сыяктуу ала кийиздери Франция, АКШ, Канада, Япония жана башкалар өлкөлөрдө көрсөтүлгөн.

1974-жылы ГДРда (Эрфуртта) өткөн социалисттик өлкөлөрдүн көргөзмөсүндө анын ала кийиздери биринчи сыйлык алган. Живопись боюнча да эмгектенет: «Кечки күз», «Салкын таң» (1969), «Бийик тоолордо» (1982) жана башкалар сүрөттөрү белгилүү. Кыргыз Респкасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980; «Кыргыз мотиви», «Жайлоо», «Жаз маанайы» аттуу жасалга-колдонмо эмгектери үчүн). 1974-жылы СССР САнын күмүш медалын, 1974-жылы СССР эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн алтын медалын алган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1307, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу