Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Үн

Үн — газ сымал, суюк же катуу чөйрөдө ийкемдүү толкундардын тарашын билдирген физикалык көрүнүш. Тар мааниде үн деп сезүү органдары үндөрдү кабылдоосуна байланыштуу каралуучу ошол толкундарды түшүнөбүз.

Жөнөкөй сөз менен айтканда үн — бул механикалык термелүүлөрдүн натыйжасында пайда болгон толкундардын кулакка угулушу. Үн булагы катары, белгилүү бир мыйзам боюнча, механикалык термелүүлөрдү аткарган тело болушу мүмкүн.

Адам баласы 16—20 герцтен 15—20 килогерцке чейинки жыштык диапазонундагы үн толкундарын уга алат. Адам угуусунан төмөнкү диапазондогу үндү инфраүн деп аташат; жогору: 1 гигагерцке чейин — ультраүн, 1 гигагерцтен өйдө — гиперүн.

Айланада канча түрдүү добуш бар экендигин ойлонуп көрдүңөр беле? Жалбырактардын шуудуру, куштардын сайраганы, суулардын шаркыраганы, кыймылдаткычтын дүрүлдөгөнү, дөңгөлөктүн кыйчылдаганы, коңгуроонун шыңгыраганы, кишилердин үнү, баскан дабышы, идиш-аяктын калдыраганы жана башка. Табигый музыка. Элсиз ээн жерде тымтырс болуп турган учурда да адамдын кулагына кандайдыр бир добуштар угула берет, демек, бардык жерде кандайдыр бир нерсе кыймылдап, термелип турат. Комуз кылы термелип аба бөлүкчөлөрүн, ал эми аба бөлүкчөлөрү бири-бирин түртөт. Кылдын термелиши абага тарап, биз комуз күүсүн угабыз. Мындай толкундар дирилдеген жалбырактан, кагылган коңгуроодон да тарайт.

Адамдын, булбулдун көмөкөйүндөгү үн байламталары да термелет. Термелген аба кандайдыр бир тоскоолго жетип, ага топ сыяктуу урунуп, чагылат да кайра артка кайтат. Ошентип жаңырык пайда болот. Ал эми космонавттар айда, жердегидей сүйлөшө албайт. Ал түгүл, ал жакта күчтүү жарылуудан да үн чыкпайт. Буга таң калууга болбойт. Анткени, айда аба жок болгондуктан үн толкундары таралбайт. Адатта үндүн абадагы ылдамдыгы секундасына болжол менен 330 метрдей, үн толкундары абада гана эмес, сууда да таралат.

Үн сууда, абадагыдан беш эседей тез тарайт. Үн катуу нерсе, мисалы, болот өзөкчө аркылуу андан да тез таралат. Москва менен Ташкендин аралыгы болжол менен үч миң км. Добуш бул аралыкка аба менен эки жарым саатта, суу менен жарым саатта, ал эми болот өзөкчө аркылуу 10 мүнөттө жетет. Айтмакчы, айда да катуу нерсе — ай кыртышы бар. Ошондуктан планетанын бетине кулак тосуп же сезгич прибор орнотуп, андагы жарылууну угууга болот. Башка толкундар сыяктуу эле үн толкундары да белгилүү узундукка ээ. Толкун канча кыска болсо, ошончо жыш болот. Добуштун үнү да ошол жыштыкка байланыштуу. Комуздун дирилдеген кылын манжаңыз менен басып чертип көргүлөчү.

Андан добуш мурункудан бийиктей түшкөнүн угасыңар. Эми кишилердин үндөрү эмне үчүн ар түрдүү экени түшүнүктүү болгондур!? Баска (эркектин жоон үнү) караганда тенордо (эркектин ичке үнү) үн байламталары өтө жогорку жыштык менен термелет. Ошондой болсо да биз угуп жүргөн адамдын үнү же музыкалык аспаптардын үнү ар дайым бир эле эмес, ар кандай жыштыктагы бир нече толкундан турат. Мисалы, комуз кылы бир мезгилде бир канча ыкма менен чертилгендиктен, көптөгөн аралаш үн толкундарын пайда кылат. Биз абанын бардык эле термелишин уга албайбыз. Биздин кулакка угулган эң кичинекей жыштык — секундасына 16 термелүү. Эң көбү — миң эсе көп, секундасына 20 миң термелүү. Эгер термелүү жыштыгы секундасына 15-20дан кем болсо анда ал инфраүн, секундасына 15-20 миңден көп болсо ультраүн (латынча «инфра» — «төмөн», «ультра» — «жогору» чектен тышкары деген сөз) деп аталат. Аларды кармоо үчүн өзгөчө приборлор керек.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2558, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-09-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу