Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үндөштүк мыйзамы

Баш барак | Башкалар | Үндөштүк мыйзамы

Бир сөздөгү тыбыштардын бири-бирине таасир этип, бир кылка (катар, строй) ыргакка ээ болушун үндөштүк мыйзамы дейбиз.

Мазмуну

Үндөштүк мыйзамы сингармонизм деп дагы аталат, бул анын илимий термини же синоними десек да болот.

Мисалы: берекелерим, жыйынтык, үйдөгүлөргө, энелерибизге, сүймөнчүлүктүү, тоолордо, китептерде, талаалардагы, көрүнгөндөргө, күлкүлүү ж.у.с.

Биз сүйлөгөн учурда сөздөгү тыбыштар бири-биринен бөлүнүп айтылбастан, бири экинчисине айкалышып айтылат. Сөздөгү тыбыштардын мындайча айкалышуусу бири-бирине таасир этип, алардын ортосунда үндөштүктү пайда кылат. Анын натыйжасында сөз ичиндеги үндүү тыбыштар өзүнөн муруңку муундагы тыбыштардын табиятына жараша (көп муундуу) уңгу сөздө алгачкы муундагы, туунду сөздө мүчөдөн мурда келген муундагы тыбыштарга карата кийинкилери жоон же ичке, эринчил же эринсиз, жумшак же каткалаң абалга өтүп, бир кылка (катар, строй) ыргактуулукка (гармоникага) ээ болот.

Үндүү тыбыштардын окшосуусу башка тилдерге караганда кыргыз тилинде күчтүү өнүккөн. Кыргыз тилинин төл сөздөрүннүн дээрлик бардыгы үйдөштүк мыйзамына (законуна) баш ийип турат.

Мисалы: бадал, бадалдан, бадалдуу, акыл, акылман, жыгач, жыгачтарды, кымыз, кымыздан, нөшөр, нөшөрлөп, нөшөрлүү, ийин, ийинден, күкүк, күкүктөн, күч, күчтүү, күчтүүрөөк ж.б.

Үндүүлөрдүн үндөштүгү кыргыз тилинен башка тилдерде дайыма сактала бербейт. Муну кыргыз тилине башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдөн байкоого болот.

Мисалы: адеп, адабият, мугалим, алиппе, абийир, айнек, бетпак, каниет, далил, данек, табият, адилет, насип, сармерден, шакирт, агент, авария, авторитет, бактерия, балет ж.б.у.с. сөздөр башка тилдерден кабыл алынган. Бирок ага уланган мүчө анын акыркы мууну боюнча үндөштүк мыйзамына баш иет.

Кээ бир мүчөлөр уңгуга уланганда үндөштүк мыйзамына баш ийбестен өзгөрүүсүз калат, алар:

  1. башка тилдерден кирген мүчөлөр: (-бей, -стан) бейбаш, бейкут, беймаал, Өзбекстан, Түркмөнстан;
  2. туруктуу мүчөлөр: (-кер, -кор, -кеч) жоокер, кызматкер, сүткор, арабакеч;
  3. эркелетүү же кичирейтүү маанисин билдирүүчү мүчөлөр: (-ке, -бай, -тай) абаке, атаке, акебай, жеңетай.

Үндөштүк мыйзамынын түрлөрү

Бир сөз ичиндеги тыбыштардын үндөшүүсү көбүнчө үндүү тыбыштарга мүнөздүү. Кыргыз тилинде үндүүлөр боюнча үндөштүк мыйзамына ылайык экиге бөлүнөт:

  1. Үндүүлөрдүн тилдин күүсүнө карата үндөшүп өзгөрүшү (окшошуусу).
  2. Үндүүлөрдүн эриндин күүсүнө карата үндөшүп өзгөрүшү.

Үндүүлөрдүн тилдин күүсүнө карата үндөшүп өзгөрүшү (окшошуусу)

Сөз ичиндеги үндүү тыбыштардын тил артына (жоон үндүүгө) жана тил алдына (ичке үндүүгө) карата үндөшүүсү, үндүүлөрдүн тилдин күүсүнө карата өзгөрүшү деп аталат.

Эгерде сөздүн акыркы муунунда жоон үндүү болсо, ага уланган мүчөнүн үндүү тыбышы да жоон үндүү боюнча кала берет:

ата + лар = аталармал + чы = малчы
кат + лар = каттарокуу + чы = окуучу
бас + ма = басмаат + чан = атчан
котор + ма = котормотон + чан = тончон
май + ла = майласан + сыз = сансыз
тор + ла = тордобоо + сыз = боосуз

Эгерде сөздүн аяккы муунунда ичке үндүү болсо, ага уланган мүчөдөгү үндүү тыбыш да ичке үндүүгө өтүп өзгөрөт.

кеме + лар = кемелеркийим + чан = кийимчен
китеп + лар = китептеркөйнөк + чан = көйнөкчөн
үй + лар = үйлөрсүз + ма = сүзмө
эсеп + чы = эсепчикөңүл + сыз = көңүлсүз
өтүк + чы = өтүкчүсүт + луу = сүттүү

Кыргыз тилинде үндүүлөрдүн тил күүсүнө карата үндөшүүсү өзүнчө бир ырааттуулукка ээ. Аны төмөн жакта келтирилген таблицадан байкоого болот.

Сөздүн башкы же акыркы муунунда келүүчү үндүү Ошол үндүүгө окшошуп, андан кийинки муунда (муундарда) колдонулуучу үндүүлөр Мисалдар
Жоон үндүүлөр а а, ы, о, у акыл, карагай, жаратылыш, чалгындоочулар
ы ы, а, о, у кыймыл, жылан, сыноо, кыштоодогулар
у у, а, ы, о буйрук, булак, турагы, бургулоочулар, сурамжыла
о о, у, а, ы жорго, конок, конду, корутунду, жогорудагы, жоогазын
Ичке үндүүлөр э э, и, ө, ү эне, мээрим, келишимдүү, негиздөөчү, келишпөөчүлүк
и и, э, ү, ө ийгилик, шибер, ширелүү, тигүүчүлөр
Ү ү, ө үкү, күкүк, сүйүнүч, күзөтчүлөр, түнөк, күркүрөп
ө ө, ү көргөзмө, көмүр, өрүк, көрөңгө, көтөрүлүш

Үндүүлөрдүн эрин күүсүнө карап, үндөшүп өзгөрүүсү

Сөздүн аяккы муундагы үндүүнүн эринчил же эринчил эмес болушуна карата ага уланган мүчөдөгү үндүү тыбыштардын да эринчил же эринчил эмес болуп ээрчишип өзгөрүп кетишин үндүүлөрдүн эрин күүсүнө карай үндөшүп өзгөрүүсү (окшошуусу) дейбиз.

Эгерде сөздүн акыркы муунундагы үндүү эринчил болсо, ага уланган мүчөлөрдөгү үндүүлөр да эринчил болуп өзгөрөт:

ой + сыз = ойсузнокто + ла = ноктоло
тоо + лык = тоолукойно + ба = ойнобо
көр + ды = көрдүкөйнөк + чан = көйнөкчөн
жазуу + чы = жазуучумөөнөт + сыз = мөөнөтсүз
кол + нын = колдунсүз + гыч = сүзгүч
кол + ла = колдокүрө + ба = күрөбө
бөлүн + ган = бөлүнгөнүй + лар = үйлөр

Эскертүү: Кыргыз тилиндеги «а» тыбышы менен келген бир катар мүчөлөр (-ла, -лар, -га, -ган, -да, -дан, -чан) эринчил «у» тыбышы менен аяктаган сөздөргө уланганда, алар эрин күүсүнө багынбастан өзгөрүүсүз кала берет:

улуу + лар = улууларсуу + ла = суула
оорук + чан = оорукчанкоюу + ла = коюула
жоолук + чан = жоолукчанокуу + га = окууга
туурул + ган = туурулгантуу + га = тууга
жуул + ган = жуулгансуу + дан = суудан
суу + ган = сууганучур + да = учурда

Үлгү: Кенже-си-мин. Сөздүн уңгусунда тил алды же ичке үндүүлөр бар. Ага уланган -сы, -мын деген мүчөлөрдөгү тил арты же жоон үндүүлөр уңгудагы ичке үндүүлөрдүн таасири менен ичкерип, тил алдына карата өзгөрдү.

Бир сөз ичинде үндүүлөрдүн алга карай ээрчип үндөшүүлөрү

Сөз жасоочу же сөз өзгөртүүчү мүчө сөзгө жалганганда анын үндүү тыбышы өзүнөн мурда (алдыда) турган үндүүнү ээрчип, үндөшөт (өзгөрөт). Мындай өзгөрүүлөр бир сөз ичинде үндүүлөрдүн алга карай ээрчип үндөшүүлөрү деп аталат.

окуу + чы = окуучукир + сыз = кирсиз
тигүү + чы = тигүүчүкел + ба + келбе
сөз + сыз = сөзсүзтон + чан = тончон
үй + га = үйгөтоо + лык = тоолук
терме + ла = термелеөс + ым + лык + лар = өсүмдүктөр
көр + ды = көрдүкөйнөк + чан = көйнөкчөн
жазуу + чы = жазуучумөөнөт + сыз = мөөнөтсүз
кол + нын = колдунсүз + гыч = сүзгүч
өмүр + га = өмүргөүй + дан = үйдөн
бөлүн + ган = бөлүнгөнүй + лар = үйлөр

Эки сөздүн аралыгында үндүүлөрдүн түшүрүлүп айтылышы, алардын жазылышы

Удаа айтылган эки сөздүн муруңкусу үндүү тыбыш менен аяктап, кийинкиси үндүү менен башталса, ошол сөздөр биригип айтылып, ортосундагы катарлаш, келген эки үндүүнүн бири сыйлыгышып (тыгыздалып) түшүп калат. Жазууда ал үндүүлөр өз абалын сактап, ар бир сөз өз алдынча жазылат:

АйтылышыЖазылышы
бололекболо элек
жеталбайтжете албайт
туралбайтура албай
экүйэки үй
карөрүккара өрүк

Бир сөз ичинде үнсүздөрдүн алга карай окшошуп өзгөрүүсү

Эгерде удаа келген эки үнсүздүн кийинкиси өзүнөн мурдагы үнсүздүн таасири менен ага окшошуп (өзгөрүп) айтылса, андай кубулушту үнсүздөрдүн алга карай окшошуп (өзгөрүп) айтылышы дейбиз.

Мисалы: кат + нын = каттын, китеп + га = китепке, бас + ба = баспа.

Үнсүздөрдүн алга карай окшошуп айтылышы жалпысынан алганда эки түрдүү жол менен ишке ашат:

  1. Каткалаң үнсүз тыбыштардын таасиринде алга карай окшошуулары.
  2. Жумшак үнсүз тыбыштардын таасиринде алга карай окшошуулары.

Каткалаң үнсүз тыбыштардын таасиринде алга карай окшошуулары

Каткалаң үнсүз менен аяктаган сөзгө жумшак үнсүз тыбыш менен башталган мүчө жалганганда, өзүнөн мурда келген каткалаң үнсүздүн таасири менен мүчөнүн башкы үнсүз тыбышы да каткалаңдашып, ага окшошуп (өзгөрүп) айтылат.

Мисалы: топ + нын = топтун, намыс + луу = намыстуу, белек + га = белекке, бак + да = бакта, терек + дай = теректей, сызып + бы = сызыппы, кесип + лаш = кесиптеш.

Жумшак үнсүз тыбыштардын таасиринде алга карай окшошуулар

Жумшак үнсүздөр менен аяктаган сөздөргө мүчө жалганганда анын таасири менен мүчөнүн башкы үнсүзү өзгөрүп айтылса, андай кубулуштарды жумшак үнсүздөрдүн алга карай окшошуп айтылышы дейбиз.

Мисалы: жай + нын = жайдын, тил + нын = тилдин, кооз + лык = кооздук, заман + лаш = замандаш, чоң + лар = чоңдор, тон + луу = тондуу, эл + лык = элдик.

Жумшак үнсүздөрдүн алга карай өзгөрүүсү негизинен сөзгө жалганган мүчөлөрдүн башкы л, н тыбыштары д тыбышына өтүп айтылышынан көрүнүп турат. Аны төмөнкүдөй схема аркылуу байкасак да болот.

л>д, н>д же л,н>д

Бир сөз ичинде үнсүздөрдүн (н, з, ч) артка карай өзгөрүлүп айытылышы жана жазылышы

Бир сөз ичинде же удаа айтылган эки сөздүн ортосундагы үнсүздөрдүн алгачкысы өзүнөн кийинки үнсүз тыбыштын таасири менен өзгөрүүгө учурап айтылышын үнсүздөрдүн артка карай өзгөрүп айтылышы дейбиз.

Үнсүздөрдүн мындайча өзгөрүп айтылышы оозеки кебибизде колдонулат, бирок жазууда өзүнүн алгачкы формасын сактайт. Башкача айтканда, үнсүздөрдүн артка карай өзгөрүп айтылышын берүүдө орфоэпиялык жана орфографиялык негиздер колдонулат.

Үнсүздөрдүн артка карай өзгөрүп айтылышы н, з, ч тыбыштарынын өзүнөн кайинки үнсүздөрдүн таасири астында өзгөрүүсүнөн улам пайда болот. Алар төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашат.

Н тыбышынын артка карай өзгөрүп айтылышы

Н тыбышынын артка карай өзгөрүп айтылышы эки түргө ээ:

А) Сөздүн аягы н тыбышы менен аяктап, ага жалганган мүчөлөр к, г тыбыштары менен башталса, н тыбышы өзгөрүп ң болуп айтылат:

АйтылышыЖазылышы
күңгөкүнгө
сыңгансынган
салыңгансалынган
жаңгажанга
качаңгакачанга

Б) Н тыбышы менен аяктаган сөзгө б, м тыбышы менен башталган мүчөлөр жалганганда н тыбышы өзгөрүп, м болуп айтылат:

АйтылышыЖазылышы
көмбөйкөнбөй
кыйыктамбайкыйыктанбай
жамамбыжаманбы
экембизэкенбиз
тымбайтынбай
жакыммынжакынмын
ишеммекишенмек
тумматунма

З тыбышына артка карай өзгөрүп айтылыш

Сөздүн аягы з тыбышы менен аяктап, ага жалганган мүчөлөр с, ч тыбыштары менен башталса, жумшак з тыбышы каткалаң с тыбышына өтүп, өзгөрүп айтылат.

АйтылышыЖазылышы
тоссотозсо
кассаказса
эссеэзсе
кыргысчакыргызча
комусчукомузчу

Ч тыбышынын артка карай өзгөрүп айтылышы

Ч тыбышы менен аяктаган сөзгө с, ч, т тыбыштары менен башталган мүчөлөр жалганса ч тыбышы ш болуп өзгөрүп айтылат.

АйтылышыЖазылышы
жыгашсызжыгачсыз
кашсакачса
өшсүнөчсүн
өштүөчтү
аштыачты
үштөнүчтөн
күштүүкүчтүү
уштаүчта

Н, з, ч тыбыштарынын эки сөздүн аралыгында артка карай өзгөрүп айтылышы

Н, з, ч тыбыштарынын артка карай өзгөрүп айтылышы бир эле сөздүн ичинде эмес, эки сөздүн аралыгында да кезигет.

Мисалы: күмбою (күн бою), сеңкал (сен кал), үңкошуу (үн кошуу), көссал (көз сал), ассүйлө (аз сүйлө), туссура (туз сура), жессымал (жез сымал), чырыштер (чырыч тер), ууштолбойт (ууч толбойт), жыгашчелек (жыгач челек), үшсом (үч сом), кештурба (кеч турба) д.у.с.

К, п тыбыштарынын бир сөз ичинде үндүүлөрдүн таасири менен г, б тыбыштарына өтүшү

Каткалаң к, п үнсүз тыбыштарынын жумшарып г, б болуп айтылышы төмөнкүдөй учурларда болот.

Сөздүн уңгусу (негизи) к, п үнсүз тыбыштары менен аяктап, ага үндүү тыбыштар менен башталган мүчөлөр жалганса к, п тыбыштары жумшарып г, б болуп өзгөрүп айтылат. Жазууда булардын ошол өзгөргөн түрү сакталат:

шаг + гы = шагычөп + ын = чөбүн
ээк + ым = ээгимсап + ы = сабы
ак + ар = агарсеп + уу = себүү
тик + уу = тигүүтоп + ы = тобу
кабак + ым = кабагымазап + ы = азабы
жээк + ы = жээгижап + уу = жабуу
көкүрөк + ың = көкүрөгүңтөк + ыл = төгүл
сап + ы = сабытарак + ым = тарагым

Эскертүү: к, п тыбыштары менен аяктаган уңгу сөздөргө үндүү менен башталган -ылда (кээде -ылда + п) мүчөсү жалганса, тууранды же этиштик маани берүүчү сөздөргө к, п тыбыштары өзгөрүүгө учурабайт.

Мисалы: бакылда, күпүлдө, шыпылда, акылдап, шыкылдап, бакылдап ж.б., к, п тыбыштарынын жумшарбай калышы айрым бир сөздөрдө да учурайт. Мисалы: бек + и = беки, кек + ен = кекен.

Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын алга же артка окшошуп өзгөрүүсү жана алардын жазылышы

Удаа айтылган эки сөздүн биринчисинин аягындагы же экинчи сөздүн башындагы үнсүз тыбыштар өзүнүн катарындагы тыбыштардын таасири менен өзгөрүп айтылса, аны эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын өзгөрүүсү деп айтабыз. Бирок алар жазууда өзгөргөн түрүндө эмес, өз алдынча кандай айтылса, ошол калыбында жазылат.

АйтылышыЖазылышы
агалаак ала
боёгалдыкбоёк алдык
агүйак үй
берегойбере кой
жогележок эле
кебуккеп ук
көккүлкөк гүл
алыппаралып бар
жазгелдижаз келди

Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын өзгөрүп айтылышы, ага таасир берген тыбыштын алга же артка карай өзгөрүп, окшошуп кетүүсүнө байланыштуу алар өз ара экиге бөлүнөт.

  1. Эки сөз аралыгындагы тыбыштардын алга карай ээрчишип (окшошуп) өзгөрүүсү.
  2. Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын артка карай ээрчишип (окшошуп) өзгөрүүсү.

Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын алга карай ээрчишип (окшошуп) өзгөрүүсү

А) Эгерде удаа келген эки сөздүн биринчиси үндүү тыбыш менен аяктап, экинчиси каткалаң к тыбышы менен башталса, кийинки сөздүн башкы тыбышы жумшарып г тыбышына өтүп айтылат, бирок жазууда ар бири өз алдынча турганда кандай болсо, ошол калыбында жазылат.

АйтылышыЖазылышы
алагаргаала карга
берегойбере кой
малагөкмала көк
алагачпаала качпа
беригелбери кел
суугуйсуу куй
ботогөзбото көз
өөдөгармаөйдө карма

Б) Удаа келген эки сөздүн биринчиси жумшак (з, р, л, м, н) үнсүз менен аяктап, кийинкиси к, п тыбыштары менен башталса, айтылганда өзүнөн мурда же кийин турган үнсүз тыбыштын таасири менен жумшарып же каткалаңдашып өзгөрүп айтылат. Бирок жазууда өз алдынча кандай турган болсо, эч өзгөрүүсүз ошол калыбында жазылат.

АйтылышыЖазылышы
жазгелдижаз келди
каргеттикар кетти
колгойкол кой
таңгалдытаң калды
тааппертаап бер
жолгайдажол кайда
алыппералып бер
тереңгөлтерең көл

Эки сөз аралыгындагы үнсүз тыбыштардын артка карай ээрчишип (окшошуп) өзгөрүүсү (ээрчишүүсү)

А) Жанаша турган эки сөздүн биринчиси к, п үнсүзү менен аяктап, кийинкиси үндүү тыбыштар менен башталса, эки сөздүн аралыгындагы үнсүздөр артка карай ээрчишип (жумшарып) өзгөрүп айтылат. Бирок жазууда алгачкы калыбындагыдай эч өзгөрүүсүз калат.

АйтылышыЖазылышы
агалаак ала
көбайттыкөп айтты
кебукпайткеп укпайт
боёгалдымбоёк алдым
көгекенкөк экен
чаабалчаап ал
жогележок эле
тобойнодутоп ойноду

Б) Жанаша айтылган сөздөрдүн биринчиси жумшак з, л, р, м, н, ң тыбыштары менен аяктап, кийинки сөз каткалаң к тыбышынан башталса, көпчүлүк учурда ал жумшарып, г болуп айтылат. Бирок жазылганда өз-өзүнчө туруп, к тамгасы менен жазылат. Мындай көрүнүш үнсүз тыбыштардын алга карай окшошуп өзгөрүүсүнө кирет.

АйтылышыЖазылышы
жазгелдижаз келди
каргеттикар кетти
колгойкол кой
камгөрдүкам көрдү
менгелеммен келем
таңгалдытаң калды

Удаа атылган эки сөздүн биринчисинин аягын дагы үнсүз тыбыштын таасири менен кийинки сөздүн башындагы үнсүз өзгөрүп айтылган учурлар да болот. Мындай кубулуштар да үнсүздөрдүн алга карай өзгөрүп айтылышына кирет. Бирок алардын жазылышында орфографиялык негиз сакталып, ар бири өз алдынча тургандагы абалы менен жазылат.

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2016-08-11, Көрүүлөр: 62544, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-02-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу