Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үрөн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Үрөн

Урук өсүмдүктүн бир бөлүгү. Ал эне өсүмдүктө пайда болуп жетилет. Урук - кичинекей өсүмдүк, бала-өсүмдүк. Анын негизги бөлүгү - түйүлдүк. Эгер уруктун түйүлдүгүн тең ортосунан жара бөлүп микроскоп же өтө чоңойтуп көрсөтүүчү лупа менен карасак, майда тамырчалардын, сабакчалардын жалбырактардын томоосун көрүүгө болот. Тери сыяктуу катуу кабык менен капталган урук жансыздай сезилет. Буудайдын же буурчактын данын сууланган кебезге же марлиге ороп бир идишке салгыла жана аны нымдуу кармагыла. Бир-эки күндөн кийин урук көөп, кабыгы жарылат да адегенде тамырча, анан сабак пайда болот. Үрөндө жашырынып турган тири-чилик капысынан жарыкка чыгат. Үрөн өнө баштайт.

Анын өөрчүшү үчүн суу, аба жана жылуулук керек. Кээ бир үрөндөрдө тиричилик аз убакытка, кээ биринде тескерисинче өтө узакка сакталат. Тал жана теректин үрөнүнүн тиричиликке жарамдуулугу 5 же 6 күнгө гана сакталат. Ашкабактын данеги өнүмдүүлүгү 8 жыл, буудайдыкы - 8 же 12 жыл. Буурчак өнүү жөндөмдүүлүгүн 30 жыл га чейин жоготпойт, саздагы чым көңдө миң жылдап жаткан лотостун уругу өнүүгө жарамдуулугун жоготкон эмес. Үрөндү кургак, салкын, аба жакшы жете турган жерге сакташ керек. Үрөн тирүү болот, ал кадимкидей дем алат. Силер күн караманын же ашкабактын данегин куурсаңар, алар даамдуу боло түшөт.

Бирок алардын түйүлдүгү өлөт. Алар эгүүгө жараксыз болуп калат. Үрөндүн эң майдасы (маданий өсүмдүктөрдүн ичинен) - тамекинин уругу, ал апийимдин үрөнүнөн да майда. Эң ириси - кокос пальмасынын мөмөсү. Анын бир эле мөмөсү 2.5 кгга чейин жетет. Табиятта үрөн түрдүүчө тарайт.

Тал менен теректин үрөнү түктүү болот, аларды шамал оңой учурат. Зараңдын жана ак чечектин үрөнүндө учууга көмөктөшө турган желбирек канатчалары бар. Эгинде өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн таратуу жөнүндө кам көрүүнүн кереги жок. Бышып жетилгенден кийин аларды адамдар чогултуп, тазалап, кийинки жылы себүү үчүн пайдаланат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2376, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу