Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үсөнбаев Качкынбай

Баш барак | Биографиялар | Үсөнбаев Качкынбай

(1935, Жети-Өгүз району, Чырак айылы -1991, ошол эле жер) - физик-химик, химия илиминин доктору (1991). 1956-жылы КМУнун физика-математика факультетин бүткөн. 1957—60-жылы Москва күйүүчү кен байлыктар институтунун аспиранты, 1962-85-жылы Бишкек политехника институтунда доцент, кафедра башчысы жана декан, 1985—91-жылы Кыргыз илимдер академиясында жана 1990—91-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик табият коргоо комитетинин алдындагы институтта лаборатория башчысы болуп иштеген. Ү. физикалык жана химиялык ыкмаларды кеңири колдонуп, көмүртек элементи менен байланышкан катуу кен заттарды изилдөөгө чоң салым киргизген. Көмүртектин алмаз жана графит деп аталган модификацияларынан башка анын 3модификациясы - карбин бар экендигин аныктаган тарыхый экспериментке катышкан (Коршак В. В., Усенбаев К. Доклады Академии наук СССР, т. 136, № 6, 1342, 1961). Ү. 50дөн ашык илимий эмгектйн автору (анын ичинде 4 монография, 3 окуу китеби).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 590, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо