Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ойсул

Баш барак | Адабият | Ойсул

"Ойсул" ата - төөнүн ээси, төөнүн түпкү бабасы экен. Ал төөлөрдү илдеттен тазартып, тукум уругунун өнүгүп-өсүшүн калкалап, коргойт имиш. Төөнүн зору лөк, жалкы өркөчтүү, жону туташы "нар" деп аталган.

Кырыз эл оозеки адабиятында касиеттүү кайыптан бүткөн Манас эпосундагы Кара нар жана башка жомокторундагы жез каймал, куу инген сыяктуулардын мифтик түшүнүктөгү (адамча касиеттештирилген) элестүү образдары жаралган. Желмаян - төө күлүгү.



Бул - Ойсул-Ата тукуму. Ача туяктуу кепшөөчү жаныбар. Мунун жаш туулганы - бото, анан жарым жашы - тайлак, (эркек тайлак, ургаачы тайлак), бир жаштагы тай тайлак, эки жаштагысы кунан тайлак, андан ары бышты, асый төө, эки асый төө, үч асый төө болуп айтыла берет. Ургаачыны инген дейт.



Жабуулуу ак инген төрөп түшкөн (ак этек баскан) аялга карата айтылат. Бычылган төөнү Атан, Лөк, Нар (өркөчсүз) деп аташат. Төөлөргө каймал, Буура ("Алтымыш атан болгуча, бир күнү Буура болуп зиркилде" (эл сөзү). Кыш чилдеде, чилде өтөөрү менен Буура кирет.



Т. а., ал албууттанат. Оозунан ак көбүк буртулдап, кишичил бууралар адамдарды качырат. Ай бою тамак жебей, ичи тартылат. Төө - чыдамдуу мал, кырк күнү суу ичпей, чөп жебей жашай берет.



40-50 жашка чыгат. Ошондуктан, алар чөлдүү жерлерди басып, кербен тартат. Аравия, Түркмөнстандын Кара-Кум, Кызыл-Кум чөлдөрүндө, Казакстандын кургак талааларында төөлөр гана чыдап жүрө алат. Төө - дөө малы, ал балбандыгы аркылуу да бааланат. Төө - тоо малы, каркыралуу көчтүн да, көчүп-конууда конуштун да сөөлөтү.



Төөгө көчтү жүктөө өзүнчө өнөр. Төө - мингич, аны чөгөрүп алып минет. Төөнүн ээр-токуму - чому, кому. Ал да кештелене жасалгаланат. Малдын кому сайма, килем, терме таар көчөттөрү, тор чачыктары менен кооздолот.



Жүктөлгөн жүктүн үстүнө төө килеми, же терме шалча жабылат. Төө семизи эки өркөчүнөн билинет. Эки баладай көрүнөт. Ал жайыт тандабайт. Бардык өсүмдүктөр анын тамагынан өтө берет. Төтөн, кокотикен (төөтикен), чогойно, козуйгак, терскен, чычырканак, төө куйрук, шыбак, көбүргөн, куурай өңдүүлөр - анын негизги тоюту.



Төө ичте он эки ай бою бала көтөрөт. Жалкы тууйт. Төө тууганда ээси ага ак жоолук салып, жентек бузат. Төө да саалат, төө кымыз жасалат. Ботосун боздоп чакырат жана жоктойт. Жүнү тонолот.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо