Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Оюлуу

Оюлуу — тери, тери алдындагы клетчатканын көпкө басылуудан кан айлануусу бузулуп, жансызданышы. Көбүнчө алсыз, узак убакыт төшөктө жаткан оорулуунун сөөккө жакын жайгашкан териси оюлат. Чалкасынан жатса куйругу менен чычаңы, омурткалары, далы жана согончок тушу жабыркайт. Көмкөрөсүнөн жатса тизеси, жамбаш сөөгү, төшүнүн тушу; ал эми кырынан жатса жамбаш менен кашка жилик муунунун тушу оюлат. Ошондой гипс таңуунун астында (согончокто, чыканакта жана башкалар), ошондой эле ооздун былжыр челинде (тиш протези туура эмес салынганда) болушу мүмкүн. Жүлүн жабыркаганда, анын ооруларында же аны кысуучу ооруларда Ошондой айрыкча терең болуп, көпкө айыкпайт. Ири нерв жабыркаганда да Ошондой болот, мисалы, куймулчак нерви жабыркаса согончок оюлат. Витамин жетишсиздигинде, зат алмашуу бузулганда Ошондой күчөйт.

Алсыз, жүрөк-кан тамыр системасы бузулган оорулуулардын бир сутканын ичинде териси оюлуп кетиши мүмкүн. Оорулууну начар багуу — төшөнчү, кийимине көз салбоо, омурткасы жабыркаган оорулуу жаткан катуу щит, ыңгайсыз төшөк, тамак калдыгы, заара менен булганып, тоголоктолгон шейшеп жана башкалар О-нун пайда болушуна түрткү берет. Адегенде тери көгүш-кызгылт тартып эпидермиси (теринин үстүңкү бети) сыйрылып түшөт. Ал жерде некроз болот, шишийт, тарамыш, булчуң көрүнүп калат. Ошондой кабылдап кетсе тилме, флегмона, сепсис, газ гангренасына алып келиши мүмкүн. О-нун алдын алууда оорулууга жакшы көз салып, эгерде мүмкүн болсо, аны улам бир капталына оодарып, болбосо атайын О-ну алдын алуучу матрацка жаткыруунун мааниси чоң. Кийимдин тигишине да көз салуу керек. Куймулчак жана чычаң тушка тегерек резина коюлат.

О-чу жерлерге кебез-дакиден жасалган тегерек төшөлөт. Ным шейшепти дароо которуу керек. Теринин басылган жерин күнүнө 3—4 жолу камфора спирти, 0,5%түү нашатырь спирти, таниндин 1 — 2%түү спирт эритмеси, 1%түү салицил спирти, уксустун суюлтулган эритмеси менен сүртүп туруу сунуш кылынат. Сүртүү менен жеңил массаж жасаган оң. Териси кызарып, О-нун белгиси байкалса дароо врачка кайрылуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)