Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Оюн

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Оюн

Силер ойногонду жакшы көрөсүңөрбү? Бирок, ойногонду ким эле жакшы көрбөсүн? Кичине кыздар куурчак, оромпой, беш таш ойношсо, балдар футбол, хоккей, чүкө жана counter strike, war craft сыяктуу компьютердик оюндарды ойношот. Кандай ойлойсуңар, адамга оюн эмне үчүн керек? Албетте, көңүлдүү жашоо үчүн деп жооп берет болушаңар керек. Туура. Бирок, оюнсуз жашоо көңүлсүз гана болбостон, мүмкүн да эмес экендигин билесиңерби? Силердин шамдагай, эпчил, тапкыч, зээндүү болуп чоңоюшуңарга эмне жардам берди? Кайраттуулукка, тоскоолдукка, кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан жалтанбоого эмне үйрөттү? Качандыр бир кезде биздин ата-бабаларыбыз аң уулоого же салгылашка аттанаардын алдында аскердик бийлерди бийлешкен, ар түрдүү оюндарды уюштуруп, өздөрүнүн таамай аткычтыгын, шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн сынап мелдеш өткөрүшкөн.

Мындай машыгуулар салгылаштардан жеңип чыгууга жардам берген. Пётр 1нин бала чагында ойногон балдардан, жаштардан түзүлгөн полктору болгон. Алардан кийин Семёнов жана Преображенский полктору уюшулган. Падыша ойноп жатат - деп боярлар баш чайкашчу. Бирок кийин салгылашууда Пётрдун жакшы машыккан аскерлерин эч ким жеңе алган эмес. Силер балким, моряк, космонавт болуп ойноп, ракетанын, макетин жасагандырсыңар.

Спорт оюндары чың денелүү, эр жүрөк, Мекенибиздин татыктуу коргоочуларынан болууга жардам берет. Сууда сүзүүгө үйрөтүүчү техника жөнүндө түшүнүк берип, жолдо жүрүүнүн эрежелери менен тааныштыруучу, денени чыңдап, эрктүүлүккө тарбиялоочу көптөгөн спорттук оюндар бар. Силердин араңарда бүгүн кичинекей сууну, булакты бөгөп, тосмолорду куруп же ар түрдүү макет жасап жүргөндөр эртең чоң-чоң дарыяларды бөгөп, плотина салышы же жаңы учак, космос кемелерин курушу мүмкүн. Жаш кезиңерде ойногон акылдуу, көңүлдүү, кызыктуу оюндар чоңойгонуңарда токарь, шофёр, оператор же конструктор, мугалим, учкуч, кыскасы ким болуп, кандай кесипке ээ болушуңарга сөзсүз таасир тийгизбей койбойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 559, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу