Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окуу иш-аракетин оптималдаштыруу

Баш барак | Психология | Окуу иш-аракетин оптималдаштыруу

Оптималдаштыруу бул окуу процессинде туура келген методдорду жана ыкмаларды тандай билүү. Окутуунун методдорунун окутуунун бардык функцияларын кыймылга келтирүүчү жана тиешелүү болгон натыйжага алып келүүчү окуу процессинин эң негизги компоненти. Окутуу методдорунун өзгөчөлүгү, эки жактуу процесс катары колдонулуп, мугалим менен окуучунун иш-аракетин байланыштыруучу инструмент. Окутуу методдорунун башкы белгиси болуп социалдык максаттарды аткаруу жана окуучунун таанып-билүү иш-аракетин уюштуруу.



Окутуу методдорунун жардамы менен чындыкты өздөштүрүү, таанып-билүү ишке ашат, бирок өзгөчөлүгү, таануу окутуу методдорунун жардамы менен түздөн түз ишке ашбастан, өтмө мааниде, окуучулардын тиешелүү болгон кыймыл-аракеттерин козгоо аркылуу, мугалимдин иш-аракетинин жардамы менен ишке ашат. Изшщөөчүлөр белгилегендей жалпы системадан изоляцияланган окутуу методу, тиешелүү болгон методикалык ыкмалардын комплексин талап кылган өз алдынча алынган метод жетиштүү деңгээлдеги таанып-билүү иш-аракетин камсыз кыла албайт. Методдор бул көптөгөн байланыштарды жана көз карандылыктарды түзүүчү, мугалим менен окуучулардын биргелешкен иш-аракетин бардык жактан камсыз кылуучу, окуу процессинин эң татаал компоненти. Мында түрдуү аспектилерди болжолдуу бөлүүгө болот: а)окуучулардын, билимдерди өздөштүрүүдө, таанып-билүү ишаракеттеринин туура келүүсүн аныктоочугносиологиялык аспект; б)окуу процессинин предметтик мазмунун тейлөөчү, тыкандыкты, системалуулукту, окуу материалынын логикалык жайгашуусун камсыз кылуучу яогикалыкмазмундук аспект; в)окуутуунун психологиялык негиздери менен камсыз кылууга багытталган, окуучулардын таанып-билүү процесстеринин активдүү абалдарын, натыйжалуулугун камсыз кылуучу, интеллектуалдык жана эмоционалдык, сенсордук жана кептик, тууроочулук жана максаттуулук процесстеринин ортосундагы көптөгөн байланыштарды камсыз кылуучу психологиялык аспект; г)окуу кыймыл-аракеттеринин жалпы максаттарын жана конкреттүү маселелерин комплекстүү камсыз кылуучу педагогикалык аспект. Бул аспекттин милдети, билимдерди өздөштүрүү үчүн да, окуучунун өнүгүүсү үчүн да, аны тарбиялоо үчүн да окуучулардын таанып-билүү иш-аракеттерин натыйжалуу процесс катарьгада уюштуруу жана болжолдоо.



Окутуу методдорунун психологиялык-педагогикалык аспекттиндеги багыттоочу милдеттер: -илимде топтолгондордон, окуучуларга аксиоматикалык кайсы билимдерди берүүгө болот; -өздөштүрүлгөн билимдердин, билүүлөрдүн фонддорун активдүү иштеген иш-аракеттеринде пайдалануу үчүн, изилдөө үчүн эмнени берүүгө болот; -билимдерди өз алдынча топтоо үчүн эмнени бербей коюу керек; -реалдуу чындыкты кайра жаратууга, өздөштүрүүгө кайсы билимдер түрткү боло алат.Жогоруда айтылгандардын негизинде, окуучунун жалпы тааныпбилүүчүлүк тизмегинде, окутуу методдорунун көптөгөн түрлөрүн пайдалануу менен бир эле маселени методикалык жактан түрдүү жолдор менен чечмелөөгө боло тургандыгы аныкталган. Демек, негизги жыйнтыгы бул окуучулардын психологиялык курактык өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө таянган, алардын, окутуунун бардык функцияларьгаын биримдигинин негизинде активдүү тааныпбилүүчүлүк жана практикалык иш-аракеттерин камсыз кылуучу, азыркы мазмундагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануучу, билим берүү максаттарына жетүүгө багытталган окуу процессиндеги мугалим менен окуучулардын биргелешкен иш-аракетинин ыктары катары, окутуу методун тереңирээк аныктоо. Окутуу методдорун билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана тарбиялоочу процесстердин толук биргелешип аракеттенген, окуу процессинин объективдик жана субъективдик жактарындагы татаал байланыштарды жана көз карандылыктарды ачуу менен комплексттүү пайдаланууну камсыз кылса болот. Азыркы бардык окутуу методдор окуучунун өнүгүүсүнө багытталуусу зарыл, мугалим ар бир тандалган методдон, ыкмадан баладагы болуп жаткан таанып-билүүнүн, өнүгүүнүн процесстерин, кыймылдарын көрө билүүсү зарыл.



Кандай гана окутуу методу 'юлбосун окуучунун тажрыйбасына, эс тутум процесстерине таянат. Таанып-билүү процесси логикалык жана эмоционалдык эсти •знүктүрмөйүн такыр мүмкүн эмес, демек, аларды натыйжалуу лроцесстерге каршы коюуга да, өз алдынча, өзгөчөлөнгөн "руппаларга да бөлүүгө болбойт. Окутуудагы өнүктүрүүчү негиз бардык методдорго тиешелүү, ал бомоюн методдордун эффективдуүиштөөсү да болбойт. Өнүктүрүүчү функциясынын бузулушу методдордун мүмкүнчүлүктөрүн чектейт, анын негизинде коюлган максатты ишке ашыруу токтойт.



Азыркы мектептердеги окутуу методдорунун өнүктүрүүчү функциясы бул үйрөтүүчү жана түрткү болуучу таасирлери кесилишкен жана бириккен борбордун чекити. Бул окуу кыймыларакетинин тереңин чагылдыруучу, окуучунун билим сапаттарынын кезектүу өнүгүүсүндө, иш-аракетиндеги билүүлөрүнүн, ыктарынын, операцияларынын дайым татаалдашуусунда жана өнүгүүсүндө, таанып-билүү процесстеринин кеңейишинде чагылдырьшган көп жактуу функция. Окутуу методдорунун өнүктүрүүчү функциясы окуучулардын таанып-билүү кызыгууларынын, керектөөлөрүнүн өзгөрүүсүн, окууларынын мотивацияларын аныктайт.



Окутуу методдорунун тарбиялык функциясы окуучунун өзүн аңдап билүүсүнө, өзүн өзү таанып-билүүсүнө, дүйнөнү таануусуна таасир этүүсү менен, тиешелүү болгон инсандык сапаттардын жана нравалык касиеттеринин тарбиялануусу менен белгилениши талашсыз. Окутуу методдору коллективдик биргелешип иштөөгө, өз ара жардамдашууга, бирин бири аёого, өз алдынча чечкен маселеге жоопкерчиликтүү болууга, окуунун жыйынтыктарынын негизинде өзүн өзү баалап талап коюуга шарттарды түзүүгө түрткү болот. Окутуу процессинин оптималдашуусу анын эффективдүүлүгүнө көз каранды.



Окуу процессинин эффективдүүлүгү окуучунун өз алдынча иш-аракетине таянуу менен аныкталат. Окутуунун эффективдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй: 1. Окутуунун эффективдүүлүгү окуунун жыйынтыгы аркылуу гана эмес, анын продессинин жана жыйынтыгынын биримдүүлүгү аркылуу түшүнүү керек. Эффективдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү окутуунун продесстеринде ишке ашат. Б. а. окутуунун эффективдүүлүгү окуу процессинин түзүлүшүнө, мугалим менен окуучунун иш-аракети акыл-эстүүлүк менен уюштурулушуна, билим күчтөрдү салыштырууга жана колдонууга, окутуу продессинин эки тараптуу мүнөзүнө көз каранды.2. Эгер сөздүктүн аныктамасына караганда, анда эффективдүүлүк "керектүү болгон жыйынтыкка алып келүүчү ишкердик" деп түшүндүрүлөт.3. Каалаган шартка туура келүүчү, окутуунун эффективдүүлүгүнө эд ылайыктуу варианты белгилөөчү болуп "оптималдуулук" эсептелет. . .4. Окутуунун интенсивдүүлүгү мүнөзү боюнча күчтөнткөн, курчуткан эффективдүүлүк.5. Окутуунун сапаты окутуунун ички сапаттарын мүнөздөөчү, логикалык категория.



Сапаттын категориясы окутуунун туура келүү жана жарамдуулук деңгээлин аныктоочу катары каралат.Демек, окутуу процессинин эффективдүүлүгү, сапаттуулукка жетүүсү, интенсивдүүлүгү оптималдуулугу бири бири менен тыгыз байланышта болуп оптималдаштыруу процессин тереңирээк тактайт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2103, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу