Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Окуу иш-аракетинин түзүлүшү

Балдардын психикалык өнүгүүсү өздөштүрүү формасында ишке ашат. Өздөштүрүүжалпы өзгөчөлүктөргө ээ. Өздөштүрүүнүн жалпы өзгөчөлүгү балдар өнүгүүсүнүн бардык этаптарына тиешелүү болгон, аналитикалык-синтетикалык иш-аракет менен мүнөздөлөт. Балдардын ар бир этаптагы өнүгүүсүнө тиешелүү болгон өздөштүрүүнүн өзгөчөлүгү белгиленет. Бул өзгөчөлүктөр эки аспекте каралат: 1. Өздөштүрүүнүн мазмуну.2. Өздөштүрүү процесси катышкан баланын иш-аракети.Эрте жаш куракта тилди өздөштүрүү түзмө-түз баарлашуу процессине жана чондор менен бирдикте болгон предметтик ишаракетке киргизүү менен ишке ашат.

Бул тилдин өздөштүрүлүүчү мазмуну да, өздөштүрүү процесси да болуп калат. Мектеп жашына өткөн учурда, улуулар менен болгон мамилешүүнүн жаңы формасынын жана иш-аракеттин түрлөрүнүн пайда болгонуна байланыштуу, өздөштүрүүнүн мазмуну да, өздөштүрүүнүн про цесси да алмашат. Заттардын башка аттар менен аталышына байланыштуу, оюнда биринчи жолу сөздүн заттан жана сөздүн мааниси тыбыштык формасынан бөлүнүп өздөштүрүлө баштайт.

Биринчи жолу чондордун сөзүн кайра кайталап айтуу үчүн үлгү катары мүнөздөлөт. Мектепке өткөн учурдан баштап өздөштүрүү кайрадан жаңы формага ээ болот, башкача айтканда окуу иш-аракети формасына өтөт. Мектеп, кандайдыр бир билимдерден турган, өздөштүрүлүүчү мазмундан түзүлүшү, балдардын окуу иш-аракетин уюштуруу формасы катары болот. Окуу иш-аракети баланын психикалык онүгүүсүнүн белгилүү бир мезгилин мүнөздөйт, башкача айтканда бул кенже мектеп курагы. Бирок балада окуу иш-аракети бир заматта эле пайда боло калбайт.

Окуу иш-аракети мугалимдин жетектөөсүнүн негизинде окутуу процессинде калыптанат. Окуу иш-аракетин калыптандыруу окутуунун, билимдерди жана ыктарды оздөштүрүүдөн кем болбогон, негизги маселелеринен болот. Окуу иш-аракетинин калыптануусу узак убакытка созулуучу процесс жана бардык окуу сабактарында ишке ашат. Мында бардык окуу предметтерин камтуу менен, бүтүндөй окутуу процессин алуу керек.

Изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде өздөштүрүүнүн көлөмү жана сапаты гана аныкталбастан, окуу иш-аракетинин жалпы гүзүлүшүн аныктоого мүмкүндүк берген материалдар да топтолгон. Окуу иш-аракетинин түзүлүшүндөгү негизги компонент бул окуу маселеси. Окуу маселесин түшүнүү үчүн конкреттүүпрактикалык маселе менен салыштыруу жолу аркылуу мүнөздөсө болот.

Практикалык маселелерди чечүүдө окуучу субъект катары өзүнүн кыймыл-аракетинин жардамы менен объектке кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизет. Мындай чечилген маселенин жыйынтыгы болуп бир канча өзгөрүлгөн объект болот. Окуу маселесин чечүү учурунда окуучу өзүнүн кыймыл-аракеттери менен объектке же болбосо алардын элесинде өзгөртүү киргизет, бирок анын жыйынтыгы кыймыл-аракетте болгон субъекттин өзүндөгү өзгөрүүлөр болот. Окуу маселеси, алдын ала коюлган субъектеги өзгөрүүлөр ишке ашканда гана, чечилген болуп эсептелет.

Окуу кыймыл-аракетинин объектиси бул предметтеги тиешелүү болгон өзгөрүүлөрдү кантип киргизүү керектиги болот. Окуунун өздөштүрүү объектиси субъект кыймыл-аракетинде колдонгон заттар жана алардын конкреттүү касиеттери эмес, ошол заттарга өзгөртүү киргизүүчү ыктар болот. Окуу маселесин чечүү окуучулардын кыймыл-аракеттердин ыктарына ээ болуусуна же өздөштүрүүсүнө багытталган. Кыймыларакеттердин ыктарына, чечүүнүн жалгыз бир жолу, же кандайдыр бир нерселер менен бириккен ыкмалардын бирикмеси, же кыймылдардын жалпы методдору кирет.

Окуудагы, кыймыл аракеттердин ыкмалары болуп, кезеги менен ишке ашырылган өз алдынча ыкмаларды аныктаган, материалдар менен иштөөнү айтабыз. Окуу иш-аракетинин түзүлүшүндөгү кийинки компонент бул кыймыл-аракеттин заттык ыктарын аткаруу учурунда өздөштүргөн, окуучулардын окуу кыймыл-аракеттери. Кыймыл-аракеттер ким аркылуу жана кандай берилбесин, окуу кыймыл-аракеттерин өздөштүрүү анын үлгүсүн көрүп, бөлүп алгандан башталат. Балада, үлгүгө көз жүгүртүүнүн негизинде, бул кыймыл-аракеттер кандай ишке ашыруу керектиги жөнүндө алдын ала образ же элестетүү пайда болот. Элестетүүлөрдүн негизинде, кыймыл-аракеттерди кабылдап, көз алдына келтирүүменен өздөштүрүүуланат.

Кыймыларакеттерди көз алдыга келтирмейин аларды өздөштүрүү болбойт. Кыймыл-аракеттердин ыктары жөнүндөгү алдын ала элестетүүнүн жана аны кайра кайталап жасоо окуу кыймыл-аракеттер болуп эсептелет. Кыймыл-аракеттин ыктарынын үлгүсү, аны жараткан жана ал кайталанып жасалган, конкреттүү заттардын мазмуну менен бирдей болгондо гана так кайра жасалат. Мисалы, эгер үлгү "6+3" деген мисал менен берилген болсо, анда анын кайра жасоосу ошол эле мисалда болуусу керек.

Эгерде бул үлгүнүн аркасынан башка сандык мисалдар берилсе, анда аны түзмө түз көчүрүү, боло турган кыймыл-аракеттердин туура багыттоочу негиздерин түзүүгө мүмкүндүк бербейт. Демек, мындай учурда үлгүдөгү сандар эмес башка сандар коюлат. Бала коюлган жаңы мисалды туура чагылдырабы же туура •>мес чагылдырабы, аны тактоо үчүн, бардыгы бир, берилген үлгүгө салыштыруусу керек болот, башкача айтканда окуунун текшерүу кыймыларакети деп аталган, атайын кыймыл-аракет ишке ашуусу зарыл. Текшерүү кыймыл аракети бул алдын ала түзүлгөн үлгү лркылуу, баланын кайра жасалган кыймыл-аракетин же анын жыйынтыгын үлгү менен салыштыруу. Үлгүдө көрсөтүлгөндү түзмө түз кайталоого мүмкүн эмес, себеби мугалим көрсөткөн үлгү бул кыймыл-аракеттин ыктарын өздөштүрүүнүн, бир гана жолку учуру ошондуктан баланын кыймыл-аракеттерди чагылдырууда уникалдуу түрү менен эч качан дал келүүсү мүмкүн эмес.

Ошондуктан кыймыл-аракеттердин ыкмаларынын үлгүсүндө таяныч белгилери болгону ага негизденүү менен тиешелүү болгон кыймыл-аракет ишке ашканга чейин эле, тиешелүү болгон ыкмаларды колдонуу үчүн болгон, текшерүү кыймыл-аркеттер ишке ашмак. Текшерүү кыймыл-аракет, баланын өзүн башкара алуучу эрктүү процесс катары, бүтүндөй окуу иш-аракетин мүнөздөйт. Окуу иш-аракетиндеги дагы бир компонент бул өздөштүрүүнүн - дэңгээлин баалоо. Баалоо кыймыл-аракетинин жардамы менен бала бул маселесинин чечилишин, мындан башка маселелерди чечүү ага тиешелүү болгон кыймыл-аракеттин ыкмаларына ээ болуусунун деңгээлин аныктай алат.

Демек, окуу иш-аракетинин түзүлүшүндө окуу маселеси, окуу кыймыл-аракети, текшерүү кыймыл-аракети жана баалоо кыймыларакети компоненттери белгиленген. Окуучуну окуу иш-аракеттин түзүлүшүндөгү компоненттерди билүүсү, анын билимдерди өздөштүрүүсүнө гана жардам бербестен психикалык сапаттуу өздөштүрүүсүнө да түрткү болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)