Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Окуучунун окуу иш-аракетиндеги курактык өзгөчөлүгү

Окутуу тарбиялоо процессинин негизги формасы болуп сабак эсептелинет. Мугалимдин ар бир сабактагы негизги максаты коомдук жашоого кошулууга жөндөмдүү жана өзүнүн чыгармачылыгын иш жүзүнө ашыра алган инсанды калыптандыруу болуп эсептелет. Ар бир сабактын натыйжалуулугу педагогдун өзүнө койгон максатын окуучулардын дээрине жерткизүү менен катар объективдүү жана субъективдүү жагдайларды эске алуу зарыл. Педагог сабакты уюштурууда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн билүүсү чоң жардам берет.

Көңүл буруунун жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн билүү менен бирге, анын окуучулардын жашына карай өзгөчөлүгүн билүү керек. Кенже мектеп окуучуларынын көнүл буруусу туруксуз, көлөмү аз, бөлүнүүсү жана өтүүсү төмөн. Чөйрөдөгү объектилердин өзгөчөлүктөрүнө карай, иш-аракетинин мотивациясынын деңгээлине карай бул жаштагы окуучуларда эрксиз көнүл буруу басымдуулук кылгандыктан, алар үчүн өзүнүн көңүл буруусун башкаруу кыйынчылыктарды туудурат. Кенже мектеп жаштагы окуучуларга иш-аракетке анатикалык ой жүгүртүүгө караганда, көрсөтмөлүү ойлоону камтуу ьщгайлуу. Жогорудагы өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ой иш-аракетин практикалык иш-аракетти кезектештирүү менен сабак өтүү зарыл.

Демек, башталгыч класстагы балдарды окутууда мугалим алардын көнүл бурууларын башкарууга үйрөтүп, эрктүү көңүл бурууларын калыптандыруу керек. Өспүрүмдөрдүн көңүл буруусу эрктүүлүгү менен өзгөчө, ошондуктан алар натыйжага жетүү үчүн кызыксыз жана татаал жумуштарга көнүл бурууларын топтоого жөндөмдүү. Бирок сабакта өспурүмдөргө эрктүүдөн кийинки көнүл бурууларына таянып эрксиз кыймылдарды, ыктарды пайдалануу оң. Өспүрүмдөр эрк актысын пайдаланган учурда көнүл буруунун туруктуулугу 40 мүнөткө чейин жетет. Өспүрүмдөрдүн иш жөндөмдүүлүктөрү кенже мектеп окуучулардыкынан төмөндүгү байкалат, ал физиологиялык өзгөчөлүгү менен аныкталып тез чарчоосуна себеп болот.

Демек, өспүрүмдөр үчүн да сабакты өзгөчө уюштуруу талап кылынат. Окуучуларды жемиштүү иш-аракетке багыттоо менен, сабакты тез темпте өткөзүп, уюштурулган, туура келген тыныгууларды пайдалануу керек, бирок эмощюналдуу тынымдардан алыс болуу керек. Жогорку класстын окуучуларынын көңүл буруусу ийкемдүү болуп, индивидуалдык сапаттардын калыптануусу байкалат. Мындай өзгөчөлүк акыл иш-аракетинин негизин түзөт. Сабакты уюштурууда окуучулардын жашына карай, кабыл алуу процессинин өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл.

Кенже мектептеги окуучуларынын кабыл алуусу терең эмес. Окуучу объектинин жалпы көрүнүшүн кабыл алып, бирок анын структурасын, элементтерин, мейкиндиктеги мамилелешүүсүн көрө албайт. Кабыл алуунун өнүгүүсүндө кандайдыр бир мамилелешүүдөгү кабыл алган заттарды салыштыруу, алардын окшоштуктарын жана айырмаларын аныктоо негизги ролду ойнойт.

Кенже мектептеги балдардын кабыл алуусу жагдайга ылайык жана конкреттүү. Эгер кабыл алуунун шарты өзгөрсө, окуучулар заттарды туура идентификациалай алышбайт. Ошондуктан кабыл алуунун шарттарын вариациялаштырып, негиздүү сапаттарына көңүл бурдуруу керек. Кенже мектептеги балдардын кабыл алуусун өнүктүрүү үчүн синкретикалык, фрагменттүү кабыл алуудан, заттардын, кубулуштардын аң-сезимдүү категориялуусу менен, алардын мейкиндикте, убакытта, себептүү байланыштарын кабыл алууга өткөрүү жакшы. Кабыл алуунун өнүгүүсүндө, анализдөөнүн, жалпылоонун ыгы катары сөз негизги ролду ойнойт.

Окуу процессинде эс чоң ролго ээ. Окуучунун окуудагы ийгилиги эстин сапатына жараша болот, ошондуктан мугалим болушунча эсти өнүктүрүүгө түрткү болуусу керек. Мугалим сабак учурунда эс процессин өнүктүрүүчү жагдайларды уюштурганда, окуучу эске калтыруунун негизин аң-сезимдүү түшүнө баштайт. Б. а. бир нерселерди эске калтыруу керектиги менен эске калтыруунун татаалдыгынын карама-каршылыктарын түшүнуү экендигин, Л. В. Черемошкина тактаган. Л. В. Черемошкинанын ою боюнча, эсти өнүктүрүү мнемикалык ыктарды калыптандыруу болуп эсептелет.1. Ассоциациялар, башкача айтканда эсте калтыруучуну бир нерселер менен жакындык, окшоштук, карама-каршылык менен байланышын аныктоо.2. Таяныч пункттарын бөлүү.3. Материалдарды мазмуну, көлөмү, ассоциациясына карай бөлүктөргө бөлүү группалаштыруу.4. Классификациялоо, башкача айтканда материалдарды белгилүү негиздерине карай бөлүү.5. Схематизациялоо, башкача айтканда кыскартылганжанажалпылангантүрдөө айтуу, көргөзүү.

Мугалимдин сабак учурунда мнемикалык процесстерди башкаруусун, эстин окуучунун жашына карай өзгөчөлүгүн билүү, жеңилдетет. Кенже класстын окуучуларынын эси негизинен эрксиз, маңызы менен эсте калтыруудан механикалык жаттоо өзгөчөлөнөт. Мазмундуу байланыштарды пайдалануу менен эсте калтырууга караганда сырткы көрүнүшүнө карай эсте сактоо көбүрөөк байкалат. Кенже класстагы балдарда заттарга, образ менен коштолгон конкреттүү сөздөргө, дабыштарга, эмоционалдуу көрктөлгөн кубулуштарга, фактыларга эң жакшы өнүккөн. Абстрактуу түшүнүктөрдү чагылдырган сөздөргө алардын эси бир топ начар.

Демек, мугалим кенже класстын окуучулары менен иштеген кезде эрксиз эсте калтыруу мыйзам ченемдүүлүктөргө таянуусу туура, ошондой эле образдуу жана эмоционалдык эстерге басым жасаган жакшы. Окуу иш-аракетинде материалды эсте калтыруу жана кайра чагылдыруу жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт. Өспүрүм куракта мазмундуу эсте калтыруу механикалык жаттоого караганда көбүрөөк байкалат. Бул кезде сөз аркылуу эсте калтыруу чоң роль ойнойт. Мнемикальщ процесстерди башкарууда экинчи сигналдык системасынын ролу жогорулайт.

Жогорку класстын окуучуларында эсте сактоочу маалыматтын көлөмү көбөйөт да, абстракттуу материалдар негизги орунду ээлей башташат. Мектептин негизги маселелеринин бири окуучулардын ой процесстерин өнүктүрүү болуп эсептелет. Ойлоону активдештирүү катары төмөндөгулөрдү колдонууга болот: материалды проблемалуу формасында берүү, проблемалуу жагдайларды чечүү, түрдүү маселелерди чечмелөөгө үйрөтүү, анализдөө, түрдүү суроолорго жооп издөө, материалдарды түшүндүргөн мезгилде риторикалык суроолорду берүү. Кенже мектеп жашындагы балдарда образдуу ойлоо көп колдонулат. Апар логикалык ойлоону колдоно алышат, бирок объетинин көрсөтмөлүүлүгү жоктугунан кыйынчылыктарга дуушар болот.

Ошондуктан окуу процессинде аларга конкреттүү жана абстракту ойлоону өз ара байланышта болгон тапшырмаларды берүү оң. Өспүрүмдөрдө абстрактуу ойлоо жөндөмдүүлүктөрү өсөт. Ойдун жалпы структурасында негизги ролду ээлөө менен бирге, аларда ойдун конкреттүү-образдуу компоненттери сакталып, өнүгө да берет. Конкреттештирүү, иллюстрациялоо, түшүнүктөрдүн мазмунун конкреттүү образдар менен, элестетүү менен ачуу жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт.

Окуунун таасири менен окуучуларда аналитикалыксинтетикалык иш-аракет өнүгөт, алар материалдын негиздүүлөрүн бөлүүгө умтулушат, маалыматтарды тактоого, жалпылоого үйрөнүшөт. Өспүрүмдөрдө өз алдынча корутундулоого, сын менен кароого, чыгармачыл ойлоону пайдаланууга жөндөмдуүлүктөрү байкалат. Бул өзгөчөлүк жогорку класстарда жана бой жеткен куракта толугу менен өнүгөт. Жогорку класстагы куракта ойлоо уюшулгандыгы менен, логикалуулугу менен айырмаланат; мында тереңдик, тактык мүнөздүү болуп калат.

Бул курактагы окуучулар пландаштырууга, алдын ала ойлоого жөндөмдүү болушат. Ойлоо процессии өз алдынча гипотезаларды текшерүү жана гипотезаларды коюу менен өзгөчөлөнөт. Бул мезгилде ойдун индивидуалдык мүнөзгө ээ болгондугу байкалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)