Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Окуучунун окууга болгон мотивдери

Баш барак | Психология | Окуучунун окууга болгон мотивдери

Ар бир адамдын жашоосунда окуу аныктоочу орунду ээлейт. Окуутууну жаштардын болочок тандап алган кесиби боюнча өз алдынча эмгек иш-аракетине даярдануу этабы катары карашат. Бирок өсүп келе жаткан балдар үчүн окутуунун башкы функциясы гностикалык мүнөзүндө, билимдерди, ыктарды, билүүлөрдү системалуу өздөштүрүүсүндө. Азыркы коомдо окуучунун таанып-билүү иш-аракети системалуулугу менен, милдеттүүлүгү менен аныкталат.



Балалык, оспүрүм, алгач бой тарткан учурда, түзүлгөн жагдайга карата уюштурулган гностикалык иш-аракет катары болгон окуу башка ишаракеттен айырмаланып мектеп жашындагы балдар үчүн милдетүү түрдө өтүүчү иш-аракет. Таанып-билүү иш-аракетинин субъектиси болуп окуучу >септелинет. Ошондуктан окуунун борборунда социалдыкпедагогикалык негиздерге ээ болуу турат, анын дүйнөнү таанууга 'юлгон, таануу процессинин өзүнө болгон жана ошону менен бирге *аанып-билүү иш-аракетинин катьппуучуларына: окуучуларга жана аяын окуусун уюштурган жана багыттаган мугалимдерге болгон аң-езими, мамилеси. Окуучунун таанып-билүү иш-аракетинин дагы бир өзгөчөлүгү анын өтүүчү мүнөзү. Окуучунун таанып-билүү иш-аракетинин юксаты да, мазмуну да, ыктары да программага киргизилген, бирок куучу катышкан окуу процессинин өтүүсү окуучунун өз ыдынчалуулугунун, активдүүлүгүнүн, күчүнүн пайдалануусуна сарай ар түрдүү өтөт.



Кээ бир учурларда окуу процесси ; »-продуктивдүү, тууроо мүнөздө, башка бир учурларда изденүүчүлүк, же болбосо чыгармачылык мүнөздө өтөт. Окуу иш-аракетинин өтүү мүнөзү анын аяккы натыйжасына, башкача айтканда билимдердин, билүүлөрдүн, ыкмалардын өздөштүрүү мүнөзүнө таасир этет. Окуучунун окуу иш-аракетинин натыйжалуулугу окуу мотивдерине да көз каранды. Кай бир мотивдердин басымдуулугуна карай, анын күчүнө, инсан үчүн маанилүүлүгүнө карай окуу окуучу үчүн маанилүү болот. Окуу мотивдерин бир нече группаларга бөлсө болот: 1. Социалддык мотивдер кенен, алыстатылган, перспективдүү түрлөрүн белгилөөгө болот.



Сөз түрүндөгү бул мотивдер окуучуда башталгыч класстардан эле белгиленет. Бирок алардын маанилүүлүк ролу жогорку класстарда, алгач бой тарткан курактагы адам келечек планын түзгөн учурда, пайда болуп, окуучу өзүн өзү билүүгө умтулат.2. Таанып-билүүчүлүк мотивдери өзгөчө мүнөздөгүмотивдер группасы, анткени окуунун предметине, таанууга түзмө түз тиешелүүлүгүн чагылдырат. Бул группада таанып-билүүчүлүк кызыгуулар жана керектөөлөр мотивдер эң маанилүү. Окуучуга, аны тартуучу жана кызыктыруучу предметтин теориялык негиздерин билүү, терең таануу кызык.3. Моралдык мотивдер эң негиздүү мотивдер группасы. Мында инсандык калыптануунун олуттуу жактары чагылдырылган, башкача айтканда инсандын адамдарга, иш-аракетке, коллективде жана коомдо өзүнүн ордуна болгон нравалык мамилеси.



Окуучуда, ата-энесинин, коллективдин, коомдун алдында болгон милдетинин негизинде, окууга болгон умтулуу пайда болгондуктан, ал бардык кыйынчылыктан өтүүгө, кызыксыз тапшырманы аткарууга даяр. Окуу мотивациясынын составында жоопкерчилик, милдет, коллективдин намысы болгон соң, анын социалдык милдетине окуучу белгилүү деңгээлде маани бере баштайт.4. Баарлашуу мотивдери окуучуларгаокуугареалдуутүрткү болуучу дагы бир мотивдер группасы. Окуу чөйрөсү баланы мектепке тартуусу, эң жакшы, мында жолдоштук коллективде ыңгайлуулук абал окуунун натыйжалуулугун камсыз кылат. Бирок ошону менен эле катар бул мотивдин негизинде окуучуда, окууга даярдык көргөндүн ордуна, жолдоштору менен мааниси жок баарлашууга умтулуу, алар менен сабактан качуу каалоосу пайда болот.5. Маанилүү мотивдер группасына өзүн өзү тарбиялоо мотивдери кирет. Бул мотивдердин негизинде окуучу өзүнүн жакшы жылыштарына, кеңейишине көз салат.



Окууга болгон реалдуу жакшы мамилеси анык айткан сөздөрүнөн көрүүгө болот: "Адабият сабагынын таасири менен мен чоң жетишкендиктерге жеттим", "Коом таануу көптөгөн, мен ойлобогон, кызыктуу суроолорго багыттаганы жагат" ж. б. Мугалим окуучуда окуунун баалуу мотивдерин калыптандыруу менен, анын окуудагы чыныгы жетишкендиктерге түрткү болуучу жана инсандык калыптануусун камсыз кылуучу шарттарды түзөт.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 3364, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу