Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Омур баян жазуу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Омур баян жазуу

Салам достор "омур баян кантип жазуу керек" экендигин Силер билесиңерби? Киши өзүнүн омурун баяндап жазышы - өмүр баян деп аталат. Ал бирдей жазылбайт, ошого байланыштуу ар бир адам өзү жөнүндө маалыматты ар кандай жазат. Бул автор жактан эркин жазылуучу документ болуп саналат дагы ал төмөнкүдөй формада жазылат:

1
2
3
4
5

Форманын чечмелениши:
1.Документ аты (омур баян).
2.Текст:


3.Дата.
4.Колу.
5.Аты -жөнү.

Өмүр баян жазуунун шарттары:
Өмүр баян баракка же жөнөкөй эле кагазга жумушка жаңы киргенде, окууга тапшырганда өз колу же компьютер менен жазылат. Өмүр баяндын текстин баяндаганда көрсөтүлгөн негизги маалыматтар 1-жак аркылуу берилет. Өмүр баянда берилген бардык маалыматтар хронологиялык тартипте (окуялардын убакытта болгон ирети менен) берилиши зарыл. Өмүр баянды окуп жаткан, аны менен таанышкан адам ал кишинин басып өткөн жолу, жасаган эмгектери, көз караштары, ата-энеси, үй-бүлөсү жөнүндө толук маалымат алгандай жазылышы абзель. Өмүр баянда диалектизмдер, орой ошондой эле эскирген сөздөр болбошу зарыл. Автор документте өзүн-өзү мактабайт. Өмүр баян расмий иш кагазы болуп эсептелгендиктен, автордун өмүрүндөгү айрым терс (мисалы: соттолгону, туткун болгону ж. б.) фактылар жашырылып коюлбайт. Мамлекеттик купуя сырлар өмүр баянда жазылбайт. Өмүр баяндын жогоруда белгиленген реквизиттеринин баадыгынын текстте берилиши талап эмес. Алардын зарыл болбогондору жөнүндө маалымат жазылбайт, кээ бирлеринин орду алмашылат. 1-жак менен жазылган өмүр баянда автордун тилдик бөтөнчөлүгү чагылдырылат дагы ал стилде сүйлөшүү стилинин белгилери басымдуулук кылат, бирок расмийдүүлүк сакталат.

[ushka=seredina]

1-жакта жазылган өмүр баяндын үлгүсү катары академик Б. М. Юнусалиевдин өз колу менен жазган өмүр баянын сунуш кылабыз:

"Омур баян"
Мен, Юнусалиев Болот Мураталиевич, ата-энемдин айтуусу боюнча, эски Бишкекте ата-энем, чоң атам бишкектик бай Сейдекеримдин жумушун иштеп жүргөндө, тагыраак айтканда 191З-жылдын декабрь айында төрөлүпмун. Мен бир жашка чыккандан кийин ата-энем өз туугандарына Кичи-Кеминге көчүп келишип, өмүрүнүн акырына чейин ошол жерде жашашкан. 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу Кытайдын Цинцзянь провинциясына үркүп барып, эки жыл жашап, кайра өз жерине келишкен. Атам 1930-жылы колхозго кирип, катардагы колхозчу (арабакеч) болуп иштеген. 1933-жылы атамдын өлүшү менин Москва пединститутунда окуумду таштап, Фрунзеге келишиме себеп болду. Кыргыз АССРинин Эл агартуу Комиссариатына кызматка кирип, ошол эле 1933-жылы энемди кичине балдары менен колума алдым. Энем 1943-жылы дүйнөдөн кайтты. Менин инилерим Болотбек менен Аширбек армияга чакырылып, Ата Мекендик улуу согушка катышып, экөө тең дарексиз жок болду. Карындаштарым Күлүйпа үй-бүлөлүү, Кичи-Кемин сельсоветиндеги Ленин атындагы колхоздо иштейт. Экинчиси Осуйпа үй-бүлөлүү, Каракол шаарында (күйөөсү шофёр) жашайт. 15 жашыма чейин үй-бүлөнүн тарбиясында болдум, андан кийин бүтүндөй советтик мектептин таасириндемин; адегенде интернатта (1926-ж.), Ташкент шаарында политехникумда (1927-1930), жумушчу факультетте (1930-1931), пединститутта (1931-1933) окудум. Комсомолдун мүчөлүгүнө 1927-жылы өтүп, 1938-жылы КПССтин мүчөлүгүнө өткөнгө чейин болдум. Партиянын мүчөлүгүнө кандидат болуп 1932-жылы өткөнмүн. Эл агартуу комиссариатынын кызматкери катарында кыргыз тили жана адабияты боюнча кыргыз мектептери үчүн окуу программалары жана окуу китептерин редакциялоого катыштым, стабилдүү окуу китептерин кыргыз тилине котордум. Согуштун алдыңкы жылдары марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын кыргыз тилине которууга активдүү катыштым. Бул иштеримдин бардыгы кыргыз тилин илимий иликтөөгө мага кызыгууну пайда кылды жана аны ишке ашырууга зор өбөлгө түздү. Илимий-изилдөө иштери менен 1938-жылы аспирантурага киргенден баштан алпурушуудамын, тагыраак айтканда, кыргыз жазуусун орус графикасынын негизинде түзүлгөн алфавитке өткөрүү жөнүндө жазган макаламдан башталды. 1941-жылдын июль айынан 1947-жылга чейин менин илим менен алектенүүм токтолду, анткени 1941-1945-жылдары Ата Мекендик улуу согуштун фронтунда болдум жана 1948-жылы гана министр болуп иштөө менен бирге кандидаттык диссертациямды аяктоого мүнкүнчүлүк алдым. Ал ишим армияга кете электе башталган эле. Мына ошентип 1949-жылы өзүмдүн биринчи толук кандуу кандидаттык диссертациямды бүтүрдүм, ал ишим үчүн филология шимдеринин кандидаты даражасын алдым. 1950-1954-жылдары кыргыз лексикасы боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүм докторлук диссертация катарында калыптандырылып, ага 1954-жылы филология илимдеринин доктору даражасын берди. Бул диссертациям окуу китебине ылайыкташтырылып, 1959-жылы Кыргызская лексикология - деген наамда орус тилинде басылып чыкты. Акыркы жылдары университеттердин филология факультеттери үчүн кыргыз деалектологиясы жана кыргыз тилинин тарыхы (журначисттер үчүн) курсун түздүм. Мындан тышкары 1953-жылдан баштан, кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, бөтөнчө баатырдык Манас эпосун иликтөөгө кириштим. 1955-жылдан баштап Кыргызстан КП БКнын тапшырмасы боюнча Манас эпосунун бириктирилген төрт томдугун редакцияладым. Азыр ошол эпостун академиялык басылышын редакциялоодомун. Менин агартуу системасында, илимде сиңирген эмгегимди өкмөт менен партия жогору баалап, мени бир канча ордендер, медалдар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйлады. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери - ардак наамы берилди. Республиканын илимдер академиясынын анык мүчөсүмүн (1954-ж.)

1959-жыл, 18-декабрь. (колу) Б. Юнусалиев

Жогорудагы өмүр баян өз доорунун тили менен жазылган. Анда айрым реквизиттер башкача аткарылган. Бирок автор басып откон жолун кеңири, так жана ырааттуу баяндаган. Окуялардын хронологиялык тартип менен берилиши, айрым хронизмдердин (мисалы: Москва пединституту, Эл агартуу Комиссариаты ж.б.) колдонулушу, сүйлөмдөгү ойлордун логикалык ырааттуулугу, өмүр баяндагы окуялардын байлыгы ар бир адамга үлгү болуп саналат.

Өмүр баян үчүнчү жак менен да жазылат. Андай өмүр баяндын текстин автор эмес башка адам (мисалы: изилдөөчү, архив кызматкери) түзөт.

Үчүнчү жак менен берилген өмүр баяндын тили окуяларды кескин кыска баяндаганы менен айырмаланат. Андай өмүр баяндарда айрым түшүндүрмөлөр, кээ бир сөздөргө шилтемелер берилиши ыктымал.

Үчүнчү жак менен берилген өмүр баяндын тилинде өмүр баяны жазылып жаткан адамдын сапаттарын белгилөөдө залкар, таланттуу, белгилүү деген сыяктуу эпитеттер да колдонула берет. Мындай өмүр баянда 3, 4, 5-пункттар (Дата, Колу, Аты-жөнү) пайдаланылбайт. "Өмүр баян" деген реквизиттин ордуна адамдын аты-жөнү жазылат. Бул сыяктуу өмүр баяндын үлгүсү төмөнкүдөй болот:

Токтогул Сатылганов
Кыргыздын улуу акыны, белгилүү композитор Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Сатылган жана апасы Бурма байлардын кызматын кылышкан. Токтогулдун акындык шыгынын ойгонушуна апасы Бурманын кыргыз элинин оозеки чыгармаларын көп билиши, кошокчулугу чоң түрткү берген. Ошондуктан 10-12 жашында эле Токтогулдун акындык шыгы элге даана билинген. Улуу акын чыгармачылыгынын башында эле элдин мүдөөсүн ырдап чыккан. Бай-манаптардын жана алардын жан-жөкөрлөрүнүн эки жүздүү бетин ырлары менен ашкерелеген. Акындын мындай элдик мүдөөнү ырдаганы бай-манаптарга жаккан эмес. Ошондуктан Токтогул 1898-жылы Сибирге айдалган. Акын төгөрөгүнө таланттуу жаштарды топтогон. Барпы, Калык, Ачымкул, Коргол, Эшмамбет сыяктуу акындар Токтогулдун акындык мектебинен өтүшкөн. Токтогул Жеңижок жана Ниязалы сыяктуу кайталангыс таланттар менен чыгармачылык байланышта болгон. Улуу акын өмүр бою кыргыз элине ырдап өткөн. Ал элине көптөгөн ырларды, дастандарды, залкар күүлөрдү калтырды. Токтогул 1933-жылы өз мекенинде каза болгон.

Азыркы учурда 1-жактын атынан жазылган өмүр баяндын төмөнкүдөй формасы көп пайдаланылат:

Өмүр баян

Мен, Молдалиев Замир, 1956-жычдын 26-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында эмгекчинин үй-бүлөсүндө торолгом. Атам Молдалиев Жаныш жана апам Молдалиева Калыя пенсияда. 1973-жылы Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектепти бүттүруп, Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине окууга өттүм. 1975-1977-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм. 1977-жылдан окуумду кайра улантып, КМУну 1980-жылы аяктадым. Адистигим - орто мектептин кыргыз тил жана адабият мугалими. 1980-1986-жылдары Өзгөн районундагы Кеңеш, Ана-Кызыл орто мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1986-89-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясында аспирантурада окудум. 1990-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз романдарынын тилдик өзгөчөлүктөрү - деген темада филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн кандидаттык диссертация коргодум. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук аттестация комиссиясынын чечими менен доцент илимий наамы берилген. Эл агартуу отличнигимин (1997-жыл). Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланганмын (1999-ж.). 1990-жылдан бери И. Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинин түрк тилдери кафедрасында иштеп келе жатам. Партияда жокмун. Аялым Бердалиева Анаргүл 1958-жылы туулган. Бишкек шаарындагы №4 ооруканада врач. Уулум Улан 1980-жылы туулган. Азыр КМПУнун 2-курсунда окуйт. Кызым Гүлзат 1995-жылы туулган. Балдар бакчасында тарбиячанат.

Дарегим: Бишкек шаары, Ала-мудун аймагы,
45-үй, 10-батир. Телефон: 99-99-99

Дата, (колу) 3.Молдалиев

Мындай формадагы өмүр баянда, адатта, текст автордун дарек маалыматтары менен аяктайт. "Өмүр баян" дайыма А4 форматындагы ак кагазга кырмызы, көк же кара түстөгү сыяда автордун өз колу менен толтурулат, учурда компьютерде жазылат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-11-24, Көрүүлөр: 220058, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-06-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо