Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Оозеки чыгармачылык. Элдик искусство

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Оозеки чыгармачылык. Элдик искусство

Борбор Азиядагы копчулук калкка муноздуу анын ичинде кыргыздардын да башынан откоргон тарыхый окуялары кочмон турмушка негизделген оозеки чыгармачылыкта кенири чагылдырылган. Кыргыз элинде оозеки чыгармачылык озгочо онугуп, анын ичинде оозеки чыгармачылыктын гана эмес, жалпы эле кыргыз маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосу элдин тарыхын, тилин, этнографиясын, философиялык коз караштарын, психологиясын, рухий жана социалдык-саясий турмушун изилдоонун эн баалуу булагы катары эсептелет. Эпосто баатыр Манастын образынын айланасында училтиктин окуялары онугуп, негизги идея - кыргыздын бытыранды урууларын бириктируу идеясына багытталат. «Манас» училтигинин 1-болугу Манас баатырдын Бээжинде женилиши, эр журок баатырлары Алмамбет, Чубак, Сыргак, Эр Кокчонун олуму, Манастын озу да катуу жарадар болуп, дуйнодон кайтышы менен аяктагандыктан, эпопеянын андан ары уланышына шарт тузулот. Училтиктин 1-болумунун кайгылуу аякталышы реалдуу чындык денгээлинде которулгон. Манастын керээзинде уруулар арасында чыр-чатактар, Манас баш коштурган кыргыз элинин куч-кубатынын начарлаганы жонундо айтылат. Манастын уулу Семетейдин торолушу келечекте атасы учун оч алууну алдын ала шарттайт. Ошентип, 1-болук менен идеялык жана сюжеттик жактан байланышкан 2-болук пайда болуп, анда оз аталарынын баатырлыгын кайталап, чет олколук баскынчыларды таш талканын чыгарган Семетейдин турмуш жолу менен эрдиктери баяндалат.

«Семетей» баатырдык поэмасы - училтиктин бир кыйла коп айтылуучу болугу. Мунун тарыхый фону болжолу менен жунгарлардын басып кируу убагына туура келип (16-18-к.), бул окуялар Борбордук Азия жерлеринде отот. Поэманын эр журок каармандары баштагыдай эле адилетсиздиктин курмандыгы болушат. Бирок, бул урушка чет элдик баскынчылар эмес, элди бузган уруу башчылары жана хандар, башкача айтканда ички душмандар себепкер болушкан. Ички душмандарга курошууну эпикалык баяндоого «Сейтек» болуму арналат.

Анда акыры адилеттик женип чыгат. Семетей жана Сейтектин образдарында калктын Манас жонундогу легенданы укум-тукумдарына сактап калуу, улантуу умтулуусу корунот. Эпосто кыргыз калкынын тагдырына байланыштуу ото чон тарыхый окуялар ар кыл даражада айтылып, чагылдырылган. Сюжеттин курулушуна Турк кагандыгынын тарыхына байланышкан орто кылымдын биринчи мезгили, жана Борбордук Орто Азиянын жерлериндеги калктардын, уруулардын жер алмаштыруусуна, ассимиляцияланышына алып келген монголдордун басып кируу доору, Жунгар хандыгынын туптолуш мезгили да из калтырган. «Манас» калк адабиятынын эн ири эстелиги катары кыргыз тилинин калыптанышында, создук курамынын байышында чон роль ойногон. Ошондой эле кыргыз калкынын этикалык нормаларынын, улуттук мунозунун калыптанышына олуттуу таасир тийгизип, азыркы кундо да анын тарбиялык мааниси баа жеткис. «Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дуйнолук мыкты улгулорунун арасында татыктуу орунда турат. Колому жагынан дуйнодо тендешсиз «Манас» училтиги менен катар эле оозеки чыгармачылыкта кенже эпостор да зор мааниге ээ. Кенже формадагы эпостор да баатырдык менен каармандыкты даназалоого арналып, коомдун социалдык-турмуштук проблемалары лирика-романтикалык маанайда баяндалат.

Алар ар башка доорлордун окуяларын камтып, акын аткаруучулардын таланттары менен байыган. «Эр Тоштук», «Кожо-жаш» ондуу дастандар мифологиялык-жомоктук негизде курулуп, байыркы доордон кабар берет. «Эр Табылды», «Курманбек» дастандарында кыргыздардын кийинки учурлардагы уруулук чыр-чатактары, чет ачдик баскынчыларга каршы курошу баяндалат. «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бокой» кыргыз урууларынын тарыхындагы ар кандай доордун социалдык-турмуштук проблемалары романтикалык маанайда чагылдырылган. Кыргыздардын маданиятында элдик оозеки поэтикалык чыгармачылык кенири роль ойногон. Анда элдин тарыхый тагдыры, озгочолонгон байыркы маданияты, эмгеги, умуту, тилек-максаты, жаратылышы, каада-салты поэтикалык денгээлде кенири чагылдырылган.

Нечендеген кылымдарда ар кандай тагдырга туш келген кыргыз эли фольклорго ото бай. Эмгек процессии камтыган - эмгек ырлары, салт-кааданы чагылдырган - салт ырлары, элдик ырым-жырымдарга ылайык эм-дом ырлары, лирикалык секетбай, куйгондор, мелдеш айтыштар да тугонбос казына. Кыргыздар басып откон узак тарыхый жолдо кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы да онугуп келген. Кыргыз элинин философиялык ой толгоолору эпостор, дастандар, токмо акындардын ырлары менен катар чечендик онорлордо акылман олуялардын создорундо, иштеринде да кенири чагылдырылган. Бул багытта Асанкайгынын, Толубай сынчынын, Санчы сынчынын, Жээренчи чечендин аттары, алардын копту алдын ала коро билген акылман олуялыктары эл оозунда макал-ылакап катары бутунку кундорго чейин айтылып калган. Бирок, алардын эмгектери философиялык ойлору бири-бирине оошуп реалдуулуктан коро легендага жакыныраак болуп калган.

Ушуга байланыштуу аталган инсандар легендарлуу ойчулдар деп аталышат. Элдин оозеки корком чыгармачылыгында негизинен он менен терс, жакшы менен жаманды баяндаган калыс ырлар (санат, насыят), кундолук эл турмушунун турдуу корунушторун, учурларына байланышкан кара ырлар (айтыш, мактоо, кордоо, арноо, арман, суйуу ж. б.), урп-адаттык атайын эрежелерге ылайык айтылуучу салт ырлары (ырым, жоктоо, керез, угузуу, корушуу, оюн ырлары, бешик ырлары ж. б.) бар. Жасалга-колдонмо онору байыркы доордо эле калыптанып онугуп келген. Анын материалдык негизин - мал чарбачылыгынын продуктулары, жыгачты, металлды ж. б. иштетууго байланышкан уй ондурушу тузгон. Уйдогу ондуруш жана кол онорчулуктун онугушу жалан эле уй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шарт-талбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, онорго умтулуусуна да байланыштуу болгон. Эстетикалык керектоону канааттандырууга, тиричиликти коркомдоого болгон мумкунчулукту толук пайдаланууга умтулуу - корком кол онорунун ар тармагын онуктургон. Ал озунун коп турдуулугу, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, озгочолугу тустордун жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгиленген. Кочмон турмуш корком искусствонун онугуш мумкунчулугун чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташтырылган турмуш-тиричилик буюмдары (турак-жайынын ички, тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, кунумдук кийим-кече, уй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы корком чыгармачылыктын денгээлин корсото алган.

Коркомдолгон буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылып, элдин ан-сезиминде кол онору турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз корком онорунун кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы, ал корком чеберчиликтин уникалдуу улгусу катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир болугу, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элементи катары кабыл алынган да анын коркомдуулугуно караганда, пайдаланууга ынгайлуулугу жогору бааланган. Онорчулукту элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан болуп кароого болбойт. Кол онорчулуктун чыгармалары, оюу-чийуу орнамент, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен оз ара байланышта онугуп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалпы белгилерден байкалат. Элдик оймо-чиймелер жаныбарлар жана осумдуктр дуйносун, кочмон тиричиликти чагылдырат. Кыргыздардын чыгармачылыгында жундон жасалган корком буюмдар да негизги орунду ээлеген.

Кийиз - кочмон адамдын тиричилигинде эзелтен эле анын, турак-жайы менен тошончу-орунунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс болугу. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелер менен кооздолуп, чырмалган чийлери да коркомдуулугу менен озгочолонот. Саймачылык онорунун техникалык ыкмалары жана оймо-чийме мотивдери ото ар турдуулугу менен айырмаланат. Кымыз куюучу коокорлор, чыны каптар ж. б. буюмдар оздорунун кайталангыстыгы менен озгочолонот.

Наар тушурулгон ат жабдыктары да ото зор корком баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы 20-кылымга чейин сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу тушуруп, калыпка металл куюп, наар тушуруп, асыл таштарды буртуктосо, экинчилери алтын-кумуш зымдарын кооздоп ийуу чеберчилигин оздоштургон. Дагы бироолору ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын боз уйдун жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтуу зергерлердин кумуш билерик, шакек, сойко, чачпак ж. б. жасалгалары аялдардын кийимдерине корк берип турган. Кырмачылар байыркы эн жонокой куралдар менен табак, косо ж. б. жыгач идиштерди жасашкан.

Жыгач усталардын боз уйдун каалгаларына, жук жыюучу такталарга, сандык жана турдуу кутуларга тушургон релъефтик жана контурдук кооз оймолору коз жоосун алат. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс болугу болуп калган элдик онор элдин байыркы маданиятын, мунозун жана рухий дуйносун, корком ой жугуртуусун, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 19461, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу