Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Опера

Силер, балким операны радиодон угуп, телевизордон көргөндүрсүңөр, ал эми чон шаарда жашасаңар опера театрына далай жолу баргандырсыңар. Биринчи көргөн опералык спектаклдин силерге кандай таасир калтырганын эстеп көргүлөчү. Көп орундуу жаркыраган кооз зал көңүлүңдү көтөрүп, майрамдык маанай тартуулайт. Аңгыча зал бара-бара күүгүм тартып, жарык өчөрү менен адамдардын кыжы-кужу, ажы-кужу сөздөрү токтоп, жымжырттык өкүм сүрүп, чычкандын көздөрүндөй болгон тостойгон көздөр эле көрүнүп калат. Сахнанын алдындагы чункурдагы чакан аянтчада оркестр жайгашкан. Оркестрсиз опера болбойт, ал солисттердин, хордун ырын коштойт. М. П. Мусоргскийдин Хованщина операсынын Москва дарыясындагы таң аттуу музыкалык кириш бөлүмүндөгүдөй тартылган чоң көшөгө ачыла электе эле зал музыканын жагымдуу үндөрүнө толуп чыккандай болот. Жабык сахна алдында оркестр ойногон мындай музыка увертюра деп аталып, ал операнын кириш бөлүмү болуп эсептелет. Увертюра угуучуларды операны угууга алдын ала даярдаган сыяктуу болот жана анда операнын негизги кайрыктары угулат. Ошентип, увертюра силердин көңүлүңөрдү белгилүү бир музыкалык ыргакка бурат, ал эми көшөгө кыймылга келип, ачылары менен силер башка дүйнөгө туш болосуңар.

Ажайып декорация операдагы окуя кандай шартта өтөрүн билүүгө жардам берет. Мисалы, Айчүрөк операсынан ошол мезгилдеги улуттук жасалгаларды көрөсүңөр же Н. А. Римский-Корсаковдун Садко операсынан дениз түбүндөгү жомоктогудай көрүнүшкө таң каласыңар. Мына ушул ажайып декорацияларды сүрөтчүлөр жасайт. Актёрлор кийүүчү ар түрдүү кииймдерди да сүрөтчүлөр даярдайт. Опера артисттери спектаклдердеги актёрлордой эле ролдорду аткарышат. Болгону операнын каармандары өздөрүнүн ой-сезимдерин ария, ыр аркылуу түшүндүрүшүп, дуэт же речитатив менен бири-бирине кайрылышат. Эгерде каармандар чогуу ырдашса ансамбль болот.

Спектаклде опера хору чоң роль ойнойт. Опера искусствосу 16-17-кылымда, кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Операны түзүүчүлөр болуп Италиянын Флоренция шаарындагы акын, музыкант, сүрөтчүлөр эсептелинет. Алар операга искусствонун ар кандай түрлөрүн: поэзия менен музыканы, драма менен живописти бириктиришкен. Ошондон кийин опера бүткүл Европага өтө тез тараган.

Көп өлкөлөрдө опера жараткан композиторлор, музыкалык театрлар пайда боло баштаган. Опера искусствосу 19-кылымда өнүгүүнүн жогорку чегине жеткен. Бул мезгилде Италияда Ж. Россини, Ж. Верди, Ж. Пуччини, Германияда, Р. Вагнер, Францияда Ж. Бизе сыяктуу атактуу композиторлор өздөрүнүн өлбөс-өчпөс операларын жаратышкан. Орус жана советтик композиторлор да эң сонун операларды жаратышты. Албетте, силер М. И. Глинка, А. П. Бородин, П. И. Чайковский, С. С. Прокофьев. сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар экенин билип алсаңыз ашык болбойт. Кыргызстанда опера жанры Улуу Октябрь революциясынан кийин пайда болуп А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин Айчүрөк операсынын коюлушу менен башталат.

М. Абдраев, А. Аманбаев, А Малдыбаев, М. Раухвергер жана башка кыргыз композиторлору улуттук опера өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрүштү.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1781, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо