Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ормон хан

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Ормон хан

Ормон Ниязбек уулу (1791 жылынын башы, азыркы Токмок шаары - 1854) - 19-к-дын ортосунда Тундук Кыргызстанды бириктирууго - оз алдынча хандык тузууго аракеттенген сарыбагыш уруусунун чон манабы. Хан атагына арзыган тарыхый инсан. Ормонхан он жети жашынан жоого каршы жортуулдарга катышып, нечен ирет жекеге чыгып, эрдиктин улгусун корсоткон. Отуз жашынан эл башкарууга активдуу аралаша баштаган. Башкарууга табигый шык-жондому, акылмандыгы, косомдугу учун кадыр-баркы артып, эл Ниязбектен кийин Ормондун бийлигине моюн сунган. Ормон хан сарыбагыш, саяк, бугулардан тышкары солто, черик, чон-багыш, кушчу, саруу ж. б. тундук кыргыз урууларын бириктирууго коп куч жумшаган. Коздогон максатына жетиш учун ал 40-жылдардын баш ченинде (Белек Солтоноевдин жазганы боюнча 1830-31-ж. Орто-токойдо хан которулгон) Балыкчыга (айрым маалыматтар боюнча Ортотокойго) атайын жыйын чакырган. Кочмондордун эзелки каада-салты боюнча 9 ак боз бээ союлуп, ак кийиз жайылып, Ормон хан которулгон.

Хан бийлигинин белгиси катары ага кызыл (тобосу кымбат баалуу кездеме менен тышталган суусар) тебетей кийгизишкен. Озунун хандык туусу болгон. Хандык бийликти биринчи кезекте ал тартипти чындоодон баштаган. 1847-ж. Кенесары менен кармашта жетишкен женишти Ормон хан оз бийлигин чындоо учун пайдаланган. Ормон хан согуш онорун мыкты билгендиги Кенесары менен согушта колдонгон турдуу согуштук айла-амалдарынан корунгон. Алар эл ичинде «Ормон олуя» деп аталып калган. Ормон хандын мыйзамдарынын жыйындысы «Ормон окуу» деген ат менен белгилуу. Ал айрым жылдарда Кокон чептерине, сарбаздарына кол салып турган. 1842-, 1848-1851-ж. Ысыкколдогу, Чуйдогу Кокон сарбаздарына оор сокку урган.

Тилекке каршы Ормон хандын канчалык жан уроп аракет кылганы менен кыргыз урууларын саясий жактан толук бириктире алган эмес. Орус окумуштуусу Бернштам А. Ормон ханды орус падышасы Иван Грозный менен салыштырып, «Ормон - малый Грозный» деп баа берген.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3521, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу