Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ормон хан (1792-1855)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Ормон хан (1792-1855)

Ормон хан (1792-1855)XIX-кылымдын ортосунда өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттенген кыргыздын белгилүү саясий ишмери Ормон Ниязбек уулу болду. Ал мезгилде Кыргызстан Кокон хандыгынын курамына кирип турган эле. Кокон хандыгы Кыргызстандын аймагын көзөмөлдөп туруу үчүн көптөгөн чептерди курдуруп, анда жайгаштырылган аскерлеринин жана наместнигинин жардамы аркылуу кыргыз урууларынан салык алып турган. 1842-жылы Бухара эмири Кокон хандыгын басып алып, мамлекетти толук бойдон Бухара эмиратынын курамына бириктирилди деп жарыялайт. Бул окуя Кокон хандыгынын курамындагы көчмөн кыргыз урууларынын нааразылыгын пайда кылды. Себеби хандыктын курамындагы кыргыз уруулары мындан ары башка мамлекетке баш ийүүнү каалаган эмес. Эркиндикке чыгуу үчүн ыңгайлуу шарттын түзүлгөндүгүн түшүнгөн Ормон Ниязбек уулу, түндүк кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракеттенет.

Ал максатта, Чүй, Ысыккөл, Нарын, Атбашы, Жумгал жана Кетментөбө аймактарында жашаган кыргыз урууларынын башчыларын Ысыккөлдүн башындагы Кызыл токой деген жерге чогултуп, курултай өткөрөт. Курултайдагы негизги маселе - түндүк Кыргызстан аймагында Кокон жана Бухара мамлекеттерине баш ийбеген, өз алдынча, кыргыз мамлекетин түзүү жана мамлекетти башкаруу үчүн ханды шайлоо эле. Жангарач, Медет, Жантай, Төрөгелди, Ажыбек, Боронбай жетектеген солто, саяк, бугу, азык, сарыбагыш, моңолдор, черик урууларынын өкүлдөрү Ормон Ниязбек уулун көчмөн элдеринин салтына ылайык, ак кийизге салышып, хан көтөрүшөт. Ага Ормон хандын жеке баатырдык сапаттары, уюштургуч жөндөмдүүлүгү жана ата тегинин түндүк урууларын бийлеп келишкен белгилүү төбөлдөрдөн болгондугу себеп болгон. Ормон хандын бабалары Үчүкө, Түлкү, хан Кудаян калмактар кол салганга чейин эле түндүк кыргыз урууларын башкарып келсе, Жунгар калмактарына каршы согушта кыргыз урууларын Маматкул жана Болот бийлер жетектеген. Ал эми Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатыр бүткүл кыргыз жерин калмактардан бошотууда жана казак хандары менен жер талашуу маселелерин чечүүдө түндүк кыргыз урууларынын башында турган. Атасы Ниязбек да сарыбагыш уруусунун башкарган белгилүү манап болгон. 1842-жылы Ормон хан Ормон окуу деп аталган мыйзамдар жыйнагын жарыялайт. Анда жаңы түзүлгөн кыргыз мамлекетинин аймагындагы киши өлтүрүү, мал уурдоо, уруулар ортосундагы чабыштарды, тартип бузууларды жөнгө салган мыйзамдар аныкталган. Мамлекеттик символикалар - туу, хандык белгини билдирген кызыл тебетей, мөөр кабыл алынат.

[ushka=seredina]

Мамлекетти башкарууда өзүнө кеңешчилерди, аскер кошуун башчыларын, элчилерди, уруу бийлерин жана хандын коопсуздугун камсыз кылуучу жеке гвардиясын дайындайт. Алгач, Ормон хандын аскердик кошуундары, Кокон хандыгынын түндүк Кыргызстанда жайгашкан Тоң, Барскоон, Коңурөлөң, Кетмалды (Балыкчы) чептерин талкалашат. Андан ары Нарын, Чүй боорундагы кокондук чептерди кыйратуу аракети Ормондун аскерлеринин санынын аздыгынан улам токтотулат. Кыргыздардын мындай аракеттеринен чочулаган Кокон хандыгы, Ормонду бүтүн кыргыздарынын башкаруучусу катары таанып, ордодогу эң жогорку бийлик чиндеринин бири парваначы наамын ыйгарат. Ага карабастан, Ормон хан өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүү аракетин уланта берген. Жаңыдан түптөлүп келе жаткан кыргыз мамлекетине, 1846-1847-жылдары казак султаны Кененсары Касымов чоң коркунуч туудурду.

Токмоктун жанындагы Кекилик-Сеңирде өткөн чечүүчү салгылашууда, Ормон хан таланттуу аскер башчы экендиги даана көрүндү. Душмандын сан жагынан артыкчылыгына карабастан, айлакерлик жана баатырдык менен казак баскынчыларын женилүүгө аргасыз кылышты. Кененсары хан баш болгон жыйырмадай казак султандары колго түшөт. Кыргыз хандыгынын күчтөнүп бара жаткандыгынан чочулаган Кокон хандыгы 8-миң аскер менен кыргыздарга кол салат. Кыргыз жана Кокон аскерлери Ашпара суусунун боюнда беттешип, кыргыздар жеңип чыгып, жаш мамлекеттин өз алдынчалуулугун сактап калышат. 1850-жылдан баштап кыргыз жерине Россия империясы көз арта баштайт. Жашыруун тыңчылардын жардамы менен Россия империясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, кыргыз урууларын бири-бирине тукуруу менен, Ормон хандын бийлигин алсыратууга аракеттенет.

Кокон хандыгы жана Россия империясы тарабынан түзүлгөн эки жактуу коркунучтан чыгуу үчүн, Ормон хан айлакерлик саясат жүргүзгөн. 1859-жылы Челек ашуусу аркылуу Иле өрөөнүнө көчөт. Анын максаты, биринчиден, Кокондук аскерлердин кол салуусунан сактануу, экинчиден, Иле боюндагы жерлерди кыргыздарга алып берүү менен анда Кокон хандыгына каршы күч топтоого аракеттенген, үчүнчүдөн, Россия империясы менен мамилесин жакшыртуу аркылуу, кокондуктарга каршы согушта орус аскерлеринин жардамына таянуу максатын көздөгөн. Бирок, Россия империясы кыргыздарды толук каратып алуу максатында Ормон ханды ыктыярдуу түрдө орус букаралыгына өтүүсүн талап кылган. Ормон хан бул сунуштан чечкиндүү түрдө баш тартып, кыргыз элинин өз алдынча болуусуна аракеттене берет. 1853-жылы Ормон хан Иледен Ысык көлгө кайтууга мажбур болот. Падышалык өкмөт Ормон хандын орус бийлигин тааныгысы келбегендигин түшүнгөндөн кийин, кыргыздын башка урууларынын башчыларын өзүлөрүнө тартышып, аларды Ормон ханга каршы коюу саясатын күчөтөт.

Жашыруун сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 1854-жылы бугу уруусунун атынан Боронбай бий өз өкүлдөрүн Омский шаарына жиберет. Алар 1855-жылы 14-январда Россия букаралыгына өткөндүгүн ырастап, ант беришет. Ага нааразы болгон Ормон хан чакан аскери менен бугу уруусун чабууга аттанат. Бирок Ормондун мындай кадамга бараарын билген Боромбай, алдын-ала аскер топтоп даярданып, Ормон ханды колго түшүрүп, өлтүрүшөт. Ормон хандын сөөгү 1855-жылы Ысык көлдүн түндүгүндөгү Кичи Аксуунун этегиндеги өзүнүн конушуна жакын жерге коюлган. Ормон хандын өлүмү менен кыргыздардын өз алдынчалуулугу үчүн күрөшү токтоду.

Орустардын тукуруусу менен кыргыздын бугу, сарыбагыш урууларынын ортосунда согуш башталат. Бул окуяларды жең ичинен башкарып турган Россия империясы, Ормон хан өлгөндөн тартып, кыргыз жерлерин басып алуу саясатына ачык, чечкиндүү кирише баштайт. Мына ушундай адам катары Ормон хан тарыхта калган.

Сайтка жарнама жайгаштыруу