Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Орус тили

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Орус тили

Орус тили - орус элинин тили (бул бадыраңга деле түшүнүктүү болсо керек.). Бул тилде башка улуттагы адамдар да сүйлөшөт, окушат жана жазышат. Ошентип, орус тили көп улуттуу өлкөдөгү бардык адамдардын өз ара пикир алмашуучу тилине айланды. Орус тилине тектеш бир канча тил бар алар: болгар, серб-хорват, чех, поляк тилдери. Булар биригип келип славян тилдеринин тобун түзүшөт. Бирок орус тилине эң жакын тектеш тилдер - украин жана белорус тилдери, алардын түпкү теги бир - байыркы орус тилинен тараган.

Ошондой эле славян тобунан башка топтогу тилдердин ичинде да орус тилине тектеш тилдер бар. Алсак, балтика тобуна кирүүчү латыш жана литва тилдери орус тилинин жакынкы тектеш тилдерине кирет. Немец, швед, норвег сыяктуу герман тобунун тилдери менен да көптөгөн жалпылык жактары бар. Алыс болсо да чыгыш элдеринин - иран, инди сыяктуу кээ бир тилдер менен байланышат. Бул тилдердин бардыгы бир чоң топко, башкача айтканда эчактан бери аталып келе жаткан инди-европа тилдеринин тобуна кирет. Кезегинде М. В. Ломоносов дүйнөдөгү башка бардык тилдердин эң сонун сапаттарын: испан тилинин кооздугун, француз тилинин жандуулугун, немец тилинин бекемдигин, италян тилинин назиктигин биздин тилден табууга болот деп жазган. Чынында ошондой болду, кийинчерээк А. С. Пушкин менен М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь менен И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов жана башка көркөм сөздүн улуу чеберлери орус элинин эне тилин андан ары өнүктүрүп, анын көркөмдүгүн, таасирдүүлүгүн мурдагыдан да арттырышты. Учурда орус тили эл аралык тилдердин бири болуп калды. Эл аралык өтө маанилүү келишимдер менен макулдашуулар орус тилинде түзүлөт. Чет өлкөлөрдө орус тилин ынтаа коюп үйрөнүп жаткан адамдардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Биздин өлкөдө да орус тили 1916-жылдан бери абдан сиңип, ал гана эмес менталитетибизге чейин кирип келген. 2013-жылга чейин биз өз тилибизди жакшы билбей көбүн эсе орус тили менен кыргыз тилин кошо аралаштырып ботко кылып сүйлөчүбүз. Бирок, 2013-жылы Кыргыз тилин өнүктүрүү мыйзамы киргизилип, Кыргыз эли нукура кыргыз тилинде сүйлөй башташты. Буга чейин орус тилинде сүйлөө кандайдыр бир телегейи тегиз адамдын имиджи сыяктуу болсо, азыр өз эне тилин билбей туруп орус тилинде сүйлөө акылы жок адамга тете сыяктуу көрүнүш болуп калды. Кыргыз тилинде көркөм сүйлөгөн адамдар айкөлдүктүн, акылдуулуктун символу сыяктуу болуп, кыргыз тили өнүгүүнүн жаңы жолуна түшүп, жалаң мыкты окуган жаштар кыргыз тилин тандоодо. Бирок тилекке каршы азыркы учурда дагы орус тилин аралаштырып сүйлөгөн адамдар аз эмес, мындай адамдар сүйлөп жатканда көөдөнү жок кандайдыр бир мактанчаак адам сүйлөп жаткандай сезимдер калат. Албетте, башка тилдерди дагы билүү керек, ал гана эмес биринчи орундагы зарылдык десе дагы туура болот, бирок эне тилин билбей туруп башка тилде сүйлөгөн бул эң төмөнкү билимсиздик. Ошондуктан биринчи эне тилди үйрөнүп, андан соң гана башка тилдерди үйрөнүү бул Ата-Мекендик милдет десек да жаңылышпайбыз.

Кыргыз тилине кээ бир адамдардын орус сөздөрүн аралаштырып сүйлөгөн кээ бир сөздөрүнө назар салып кетсек: Конечно - бул сөз абдан көп колдонулат өкмөттүк иште иштеген адамдардан көп угууга болот. (Албетте деген сөз) Хорошо - бул сөз дагы абдан көп кездешет, ал гана эмес жөнөкөй телефон менен сүйлөшүп жаткан адамды байкасаңар бул сөздү бир нече ирет кайталайт (Которулушу: Макул, жарайт, жакшы, шүгүр) Брат - бул сөз өзгөчө өспүрүм балдар арасында, жана криминалдык чөйрөдөгү адамдардын көп колдонуучу сөзү (Сөзмө сөз которулушу: байке, ага. Бул сөздүн ордуна адамдын атын колдонсо да болот) Что - бул сөз өтө көп колдонулбайт, бирок айтылып жүрөт. Мисалы: Мен айтып жатпайымбы, что мен ал жакка баргын жокмун (Айтылган мисалдан бул сөздү алып койсо, сүйлөм кадимкидей көркөмдөлө түшөт) Тоже - бул дагы бирден бир көп колдонуучу сөз. Көбүнчө кыздар жана айымдар колдонот. Например - бул дагы көп колдонуучу сөздөрдүн бири, айрыкча шаар жашоочулар көп колдонот. Мына ушул сыяктуу башка сөздөр абдан көп. Жакшылап байкап көрсөнөр кадимки сыналгыдан биздин чиновниктерибиз ушундай сөздөр менен көп сүйлөшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3686, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу