Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Орузбаева Бүбүйна

Баш барак | Биографиялар | Орузбаева Бүбүйна

Орузбаева Бүбүйна(1924-жылы туулган, Ак-Суу району, Чолпон айылы) - тилчи, филология илимий доктору (1966). профессор (1967). Кыргызстан Илимдер Академиясынын академик (1979; корр. мүчө, 1974). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1951—54-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тил, адабият институтунун кенже, улук илимий кызматкери, 1954—56-жылы директордун илимий иштер боюнча орун басары, 1956—59-жылы грамматика секторуна бангчы, 1959—62-жылы директор, 1962—76-жылы ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы. 1976—87-жылы Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору.

1987жылдан Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын тил, адабият институтунда бөлүм башчы. 1984-жылдан Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын Президиумунун мүчөсү. Анын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикологияга жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын проблемаларына арналган. О. 200дөн ашык илимий эмгектин (ат и. 21 монография, сөздүктөр: анын 10 авторлош) автору. Алгачкы монографияларынын бири «Өткөн чактын формалары» (1953) деген эмгегинде кыргыз тилиндеги өткөн чакты берүүчү морфемдер жана алардын грамматикалык касиеттери изиметрденген. Ал эми «Кыргыз тилинде сөз жасоо» (1984) аттуу эмгеги кыргыз тилин изилдөөдө маанилүү болгон. Ал бир нече жолу эл аралык түркологиялык конгрестерге катышкан. Түркия лингвистикалык коомунун (Түркия, Анкара ш.)

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 2280, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу