Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1942)

Баш барак | Биографиялар | Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1942)

Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1942)Осмонаалы Кыдык дегендин уулу болгон. Кыдык кийин Сыдык аталып кеткен. Кандайча Сыдык болуп калганы жөнүндө азырынча маалымат жок. Ал сарбагыш уруусунун Абайылда тукумунан. Абайылданын 12 уулунун эң кенжеси Осмонаалынын атасы болгон. Ал кезде булардын туугандары тектүү, кадырлуу жерден болгондуктан алардын көбү кат тааныган.

Осмонаалынын эң улуу агасы Жаркынбай чоң молдо болуп, мечит, медресе салдырат, балдардын билимдүү болушуна өзгөчө көңүл бурат. Осмонаалы жети жашка келгенде атасы көз жумат. Бирок ал тааныштарынын жардамы менен адегенде молдодон окуйт, 13 жашында Токмокко келет да, Осмон дегендин колунда жүрүп, Шакир деген татар калпадан таалим алат.

Ал өзү тарых, география сабактарына өзгөчө маани берген адам болгондуктан, шакирттеринин көбү жакшы билим алып чыгышат. Осмонаалы да ошондой болот, ал айрыкча тарыхка кызыгып калат. 1899-жылдары Кытайга барып, Үч-турпандан, андан соң Букарадан, Уфадан окуйт. Осмонаалы өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон.

Араб, фарсы, татар, уйгур, өзбек, казак тилинде жарык көргөн гезит-журналдарды, китептерди окуй алган. Ал тилдерде жарыяланган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, кыргыз элинин тарыхын жазган. Муктасар тарых Кыргызия деген эмгеги 1913-жылы Уфадан өзүнчө китеп болуп чыккан. 1914-жылы дагы Уфа шаарынан Тарых кыргыз Шадмания китеби жарык көргөн.

Осмонаалы мен өзүм, Жана калды көп сөзүн. Жатып шаар Уфада, Мусапырлык бул кезим - дегенине Караганда бул эмгектерине анын жазгандары толук кирген эмес. Экинчиден жазгандарын ал өз каражатына кыйналып жүрүп чыгарганын өкүнүү менен айтып жатат.

Бирок ал кыргыз элинин өзүн өзү таанып билүүсүнө, тарыхын үйрөнүшүнө, балдардын билимдүү болуусуна көп эмгек жумшаган. Осмонаалы Сыдык уулунун кыргыздар жөнүндөгү жазган көптөгөн иштери бизге жетпей калды.

30-жылдары анын кол жазмалары жоголуп, калгандары өрттөнүп кеткен. Анткени ал эски замандын адамы катары куугунтукталган. Ушундан улам ал кытай жерине качып кеткен. 1942-жылы безгек оорудан улам кытай жеринде каза болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 18952, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо