Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өз (Өс) Ала-Тоом

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Өз (Өс) Ала-Тоом
СөзүМ. Алыбаевдики
ОбонуК. Усупбаевдики

Аталышы боюнча тактоо керек, Өз же Өс Ала-Тоом

Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Керметтүү кучагында жүргөндө.
Көз алдыма аппак тоолор тартылат,
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.

Ээй, ойду эргитет,
Оой көңүл сергитет,

Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө.
Шыктанамын минип кыял кемесин,
Чалкып жаткан кандай укмуш немесин.
Карааныңдан кагылайын Алатоом,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересин.

Ээй, карагай кайың, Оой, арчалуу жайың,

Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң. Канга дары таштай тунук булагын, Көрпө болуп өскөн көпкөк туланың. Ырым менин, сенин демиң эмеспи, Өз (Өс) Алатоом! өзүм өскөн турагым.

Ээй, тунук булагың, Оой, көрпө туланың.

Өз (өс) Алатоом! өзүм өскөн турагым.

Майрамбек аттуу колдонуучуга ыраазычылык билдиребиз, Майрамбектин маалыматы боюнча оңдолуп-түздөлдү.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6080, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-09-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу