Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Озгон архитектуралык комплекси

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Озгон архитектуралык комплекси

11-12-кылымга таандык эстеликтер. озгон шаарында, Кара дарыянын жайылмасынан ойдороок тектирчеде жайгашкан. Уч кумбоздон жана алардан 150дой тундук-батыш жакта жайгашкан мунаралардан турат. Ал кумбоздор Караханийлер мамлекетинин окумдарлары учун тургузулган. Адегенде ортонку кумбоз тургузулган (XI-кыл-н башы). Ал тышкы беттеринин жалпы узундугу 13,07 м, тубу чарчы, усту кумпалуу курулуш.

Кумбоздун дубалдары ошондой эле кумпасы (купол) чопо менен кынаштырылган кыштан курулган. Ортонку кумбоздун тундук жагына 1152-жылы, туштук бетине 1187-ж. жанаша дагы 2 кумбоз курулган. Тундук жагындагы кумбоздо тургузулган убагы ошондой эле Батыш Караханий каганы Хусейин Хасан ибн Алинин аты оюуу жолу менен жазылган. Ал кумбоз Ортонку кумбоз менен анын туюк дубалынан козолгон оюк аркылуу байланышат. Кумбоздун 12,3x10,6м келген тубунун формасы чарчы. Кумпасы ошондой эле дубалдары ак баткак менен кыналыштырылган кыштан курулган. Археологиялык казуу учурунда ар кайсы убакта комулгон мусулмандардын соогу табылган. Мунара XI-к-дын экинчи жарымында тургузулган жана торт болуктон турат. Алгач мунаранын бийиктиги 44,7мден кем болбосо керек.

Мунаранын азыркы убактагы бийиктиги 27,4 м. О. а. к. 1923-ж. Союздук-республикалык маанидеги эстелик катары мамлекеттин коргоосунда.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2253, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу