Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пахта

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пахта

Пахта - өтө баалуу өсүмдүк. Андан эң мыкты була алынат. Адамдар байыркы мезгилдерде эле жапайы пахтанын буласын жыйнай башташкан. Ошентип, пахта илгертеден келе жаткан айдалма өсүмдүк. Аны адегенде Индияда, андан кийин Кытайда, Египетте өстүрө башташкан. Индияда башка өлкөлөргө караганда жеңил, жука кездемелерди (муслина, ажайып кооз чыт) токууну мурда үйрөнүшкөн. Азыр пахта Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Закавказье, Индия, АКШ, Кытай, Бразилия жана башка өлкөлөрдө айдалат.

Пахта жылуу, күнөстүү, күр топурактуу, нымдуу жерге жакшы өсөт. Адатта аны сугат жерлерге эгишет. Пахта өсүмдүгүнүн бийиктиги бир же бир жарым метр болот. Гүлдөрү бадырайып чоң. Бышканда көсөк ачылып, үлпүлдөгөн аппак кебез чыгат. Үлпүлдөгөн кебезди чыгарып, аны жазса чигиттери көрүнөт.

Аларды бөлүп алуу жөнөкөй иш эмес. Чигит жипчелерге оролгон. Аларды жандыра баштайбыз. Булар өтө ичке, бири узун, бири кыскараак жипчелер. Зыгыр менен кара куурайдын жип болуучу буласы сабагында. Ал эми пахтаныкы мөмөсүндө.

Негизинен пахтаны чигиттери менен кошо пахта жыйноочу машиналар жыйнайт. Бир эле талаадагы пахтаны бир нече жолу жыйноо керек, анткени көсөктөр ар кайсы мезгилде ачылат. Жыйналган түшүм али даяр пахта эмес. Атайын машиналарда була чигиттерден ажыратылгандан кийин ийрүү фабрикасына жөнөтүлөт. Ал жерде була ийрилет да, токуу фабрикасына жиберилет. Мында пахта кездемелери: чыт, батис, маркизет, сатин, момозий, тор кездеме токулат. Төшөк, сүлгү, пластмасса, целлюлоза, фотоплёнка - булар да пахтадан алынат. Пахтадан техникада колдонулуучу бекем, бышык кездемелерди да жасашат.

Ал эми чигитинен май сыгып алынат, ал консерва жана маргарин, самын жасоодо пайдаланылат, андан глицерин, стеарин алынат. Майын сыгып алгандан кийинки чигит - күнжара малга тоют болот. Ал эми калган башка калдыктардан гудрон алынат. Ал жол асфальттоодо, ысыкка чыдамдуу лак жасоодо колдонулат. Чигиттин кабыгынан этил жана метил спирти чыгарылат. Пахтанын гозопаясы - сабак, сөңгөгү отун, курулуш материалы болот. Жалбырагынан алма жана лимон кислоталарын бөлүп алышат. Ошентип пахта - эң маанилүү техникалык өсүмдүк десек туура болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 12179, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу