Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пальма

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пальма

Пальманы көбүңөр көргөн болушуңар керек. Бакта өсүп турганын болбосо да, бөлмөдө, чоң ящикте өскөнүн көп эле учуратууга болот. Бийик өскөн пальманын кээ бирлеринин сөңгөгү жылмакай жана жылаңач, айрымдарыныкында эски жалбырактарынын орду одур-бодур муунактанып турат. Жалбырактары желпингичтей же куштун канатындай болот. Пальма бутактанбай тик өсөт, сөңгөгүнүн баш аягы бирдей болот. Пальмалардын көпчүлүгүнүн гүлү майда, көрксүз келип, жоон чачы түрүндө бир сабакка топтошкон. Ал саваннада, тропик токоюнда, чөлдөрдөгү оазистерде, көлөкөдө эмес, күн көп тийген жерде өсөт. Пальмалардын түрү өтө көп. Алардын дээрлик ар биринин адамга пайдасы бар. Курма пальмасы таттуу курма мөмөсүн берет.

Аравиядагы жана Түндүк Африкадагы оазистерде курма - адамдардын негизги тамагы. Майда мөмөлөрүн жана данектерин малга беришет. Океаниядагы аралдарда жашагандарды кокос пальмасы багат. Анын быша элек мөмөсүндө (жаңгагында) суусунду мыкты кандырган таттуу ширеси - кокос сүтү бар. Пальманын жыгачы курулуш материалы катары да керектелет. Ал эми анын бышкан мөмөсүнүн булалуу кабыгынан аркан, бойро, шыпыргы жасашат. Бул кабыкты койра, ал эми бышкан мөмөнүн кургатылган данегин копра деп аташат. Копрадан заводдо кокос майы алынат. Койра менен копра - деңиз жээгинде жайгашкан көптөгөн тропик өлкөлөрүнүн башка өлкөлөргө чыгарып сатуучу негизги продукциясы. Пальма гүлдөп турганда анын гүл чачысынын сабагын бир аз кессе, таттуу шире чыгат.

Бул ширеден кант, патока, шарап жасоого болот. Мындай таттуу шире көп пальмалардан алынат. Майды кокос жаңгагынан эле эмес, африка май пальмасынын майда мөмөсүнөн да алышат. Көптөгөн пальмалардын мөмөсү желет. Ал эми саго пальмасынын сөңгөк өзөгүндө крахмал бар. Өзөктү майдалап жууп, ун жасоого болот.

Ундан нан, ботко, саго (агыш түстүү акшак) жасалат. Индонезия менен Меланезиядагы миллиондогон адамдар саго пальмасы менен оокат кылышат. Өсүмдүк мому алынуучу пальмаларда бар. Кыргызстанда жапайы өскөн пальмалар жок. Кавказдын Кара деңиз жээгинде жана Крымда аларды кооздук үчүн өстүрүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1206, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу