Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Панфилов Иван Васильевич

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Панфилов Иван Васильевич

"Панфилов Иван Васильевич" - бул өзү ким болгон, кандай адам юолгон, ал жөнүндө кыскача айтып берели. Немецтик баскынчылар улам жылып, Москвага кындай берди. Гитлердин планы боюнча Москваны тез аранын ичинде басып алып, анда немецтик армиянын парадын кабыл алмак эле. Душман сан жагынан да, техника жагынан да артыкчылык кылган. Москваны коргоо үчүн бүткүл эл көтөрүлгөн. Бир кадам да артка чегинбе! Москваны коргоочулар үчүн Мекендин буйругу ушундай болчу. Алардын ичинде өздөрүнүн эрдиктери менен өзгөчө айырмалангандардын бири генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясы баскынчылар менен жан аябай, кашык каны калганча салгылашты. Волоколамск багытында немецтердин көптөгөн таңкаларын жана аскерин жок кылышты.

Панфиловчулардын теңдешсиз эрдиктери тарыхтын барагына алтын тамгалар менен жазылып калды. Немецтик фашисттик баскынчыларга каршы күрөштөгү каармандыгы үчүн согушта курман болгондон кийин 1942-жылы 12-апрелде Иван Васильевич Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Панфилов Иван Васильевич Саратов областынын Петровск шаарында туулган. Өз ыктыяры менен 1918-жылы 1-саратовдук советтик полкко өткөн. Польшалык фронтто көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүп чыккан. Андан кийин батальонго, полкко командир болгон. Силер "Панфилов Иван Васильевич" окшогон адам болууну каалайсызбы? Ал Түркстанда кызмат өтөгөн. 1938-жылдан Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Кыргыз ССРинин аскер комиссары болуп иштеп турган.

Ал 1941-жылдын июль - август айларында Кыргызстан менен Казахстандын жигиттеринен 316-аткычтар дивизиясын түзгөн. Ал дивизиянын курамында кыргыз, өзбек, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон. Москванын алдында октябрь - ноябрь айларындагы салгылашууда даанышман генерал-майор өзүнүн билгичтиги менен душмандын күчтөрүн зор жоготууга учуратты. 19-ноябрдагы салгылашууда Иван Васильевич Панфилов курман болгон. Ал Ленин ордени, эки Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

"Панфилов Иван Васильевич" каза болгондон кийин сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө коюлган. 1942-жылы 7-ноябрда Фрунзе (Бишкек) шаарында анын эстелиги зор салтанат менен ачылган. Иван Васильевич Панфиловдун ысмы менен көчө жана мектептер аталган. Бул адам боюнча сайтыбыздан кошумча маалымат тапкыныз келсе издөө формасына "панфилов" деп жазып издесениз болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу