Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Панфиловчу 28 баатыр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Панфиловчу 28 баатыр

Дубосеково... Бул аталышты, 28 баатырдын эрдиги тууралуу жаш-кары дебей баары билишет, алардын саясий жетекчиси Василий Клочковдун: Россия кең, бирок чегинүүгө жер жок, артыбызда Москва! - деген сөзү ар кимдин эсинде. 28 баатырдын душмандын 50 танкасына каршы салгылашуусу СССРдин борборунун босогосунда 1941-жылдын күз мезгилинин оор күндөрүндө болду. Фашисттер Москвага жулунуп жатышты. Москваны коргогон аскерлердин курамында генерал Иван Васильевич Панфилов башкарган дивизия да бар эле. Бул дивизиянын бир тобу Дубосеково темир-жол бекетинин жанында коргонууда турган.

Немецтердин таңкалык соккусунун учугу ушул Дубосекового туш келди. Душман Волоколамск шоссесин жарып өтүп, Москваны карай бет алууну көздөдү. 16-ноябрь күнү алыстан душмандын танкалары көрүндү. Окопто турган жоокерлер брондолгон 20 темир желмогузду санашты. Уруш оор болору айкын болду. Күтпөгөн жерден тааныш үн жаңырды: Саламатсыңарбы, баатырлар! Саясий жетекчи Клочков окопко жылып келип калыптыр. Ал батальондун байкоо пунктунан танкалардын багытын аныктап билип, ушул жакты көздөй аскерлер душмандын машиналарын танкага каршы мылтык, граната менен талкалап, күйүүчү аралашмасы бар бөтөлкөлөр менен күйгүзүп жатышты.

Бир нече танк жалынга чулганды, калгандары артка бурулушту. Бирок чекти коргогондордун катары да суюла түштү. Күүгүмдөгү мунарыкта танкалардын кайрадан келе жатканы көрүндү. Клочков бул жолу танканы санады. Өлүмгө тике карап, жоокерлер бул теңдешсиз салгылашууга бел байлашты. 28 баатырдын көпчүлүгү курман болду, бирок душмандын танкалары токтотулду. Ал күндөрдө бул убакыттан болгон баа жеткис утуш болучу. Жаңы аскер күчтөрүнүн келиши үчүн зарыл болгон сааттар, күндөр камсыз болду.

Көп өтпөй чабуул башталып, немец-фашисттик аскерлер Москванын алдында талкаланды. Алардын эрдиги сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрүндө, китептерде түбөлүккө даңкталат. Алар салгылашкан жерде таштан чегилген эстелик орнотулган. 28 баатырдын ичинде биздин жердештерибиз Дүйшөнкул Шопоков, Г. Шемякин, Г. Конкин, Н. Ананьев жана И. Москаленко да болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3073, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо