Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пантера жана леопард (кабылан)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пантера жана леопард (кабылан)

Кээ бирөөлөр пантера менен леопардды эки башка айбан деп ойлошот, пантера кара, леопард темгилдүү чаарала. Чындыгында экөө тең мышык сымалдар тукумундагы бир эле жырткыч айбан, болгону сырткы түстөрү гана ар башкача. Кыргызча экөөнү тең эле кабылаң деп койсо болот. Азыр Кыргызстандын тоолорунда буларга өтө окшош жырткыч - илбирс жашайт. Бул келишимдүү мышыктардын денеси ийкемдүү, чымыр, башы тоголок, куйругу узун, буттары сымбаттуу. Алар Африкада жана Азиянын түштүк бөлүгүндө кеңири тараган. Леопард Закавказьеде сейрек болсо да кездешет.

Кара пантераны айрыкча Индонезиянын Ява аралынан көп жолуктурууга болот. Жырткычты чогуу төрөлгөн балдарынын кээ бири капкара, кээ бири чаар ала болуп калышы мүмкүн. Пантера арстан менен жолборстон кичине, бирок жырткычтык жагынан алардан кем калышпайт. Балким алардан да коркунучтуураактыр. Ал өтө шамдагай, оңой-олтоң жана тез жашына алат. Ага өзгөчө далданын деле кереги жок. Кичинекей бадал, калың чөп, чакан дөңчө эле аны жашыра алат. Ал өтө сак кулак, көз ачып жумгуча бактын башына чыгат, өтө жайык дарыялардан да сүзүп өтүп кете алат жана чоң аралыкка - 12 метрге чейин секирет. Мына ушул сапаттары жана буларга айкалышкан ашкере жырткычтыгы анын өтө коркунучтуу экендигин көрсөтөт. Пантеранын жаныбарларды жегенине караганда өлтүргөнү көп. Эл макалында айтылгандай, кабылан алганына караганда чалганына көбүрөөк кубанат.

Анын тайманбастан турак жайларга чейин келип, малга да, адамга да кол салышынан улам адамдар пантерага дайыма анчылык кылууга мажбур болушкан. Бирок кабыландарга анчылык кылуу абдан коркунучтуу. Тажрыйбалуу мергенчилер да буга оңой менен батына албайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1387, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу