Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пастер Луи (1822-1895)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пастер Луи (1822-1895)

Бул абдан таланттуу адам химияга кызыгып, 27 жашында профессор болгон. Анын илимий изилдөөлөрү, ачылыштары окумуштууларды суктандырган. Көп узабай ал химияны таштап, таптакыр башка тармакта изилдөөлөрдү жүргүзө баштайт деп эч ким ойлогон да эмес. Бул окуя Пастер 35 жашка чыгып калганда болду. Франциялык шарап жасоочулар бир кыйынчылыкка туш келишти. Жүзүм ширеси ачытылган зор идиштерде (чандарда) спирт эмес, кандайдыр бир киргилт суюктук пайда болуп жатты.

Шарап жасоочулар мунун себебин аныктоону өтүнүшүп, Пастерге келишти. Пастер суюктукту микроскоп менен изилдеп жатып, андан кантты ачытуучу өтө майда козу карынчаларды эмес, таякча сымал кандайдыр бир тирүү жандыктарды көрдү. Тирүү таякчалар - бактериялар ачыткыч козу карындарды жок кылып, шарап жасоочуларды жакырдантып жатыптыр. Ал сыртынан жөнөкөй көрүнгөн бул бактериялар оранизмде жугуштуу ооруларды пайда кыларын далилдеген жана аларга каршы эмдөө жолу аркылуу күрөшүүнүн жолун тапкан. Эгер адамга же жаныбарга эмдөө жасалса, башкача айтканда анын организмине жугуштуу оору учуратуучу алсыз микробдорду куйса, ал оорубайт, ооруса да жеңил-желпи түрдө өтүп, кийин бул оору менен таптакыр оорубас болот. Оору жаратуучу бактерияларга каршы күрөштө Пастер тобокелге салып, али белгисиз жол менен барды.

Анын эң бир улуу жениши сибирь жарасы, кутурма сыяктуу коркунучтуу ооруларды эмдөө үчүн препараттарды түзгөндүгү болду. Пастердин шакирттери жана анын жолун жолдоочулары көптөгөн башка ооруларды эмдөө үчүн препараттарды табышты. Пастер ачуу процессин да изилдеп, азык заттар бузулбасын үчүн 15-30 минута, 60-70 градуста ысытууну сунуштаган. Сүттү, шарапты, сыраны жана башка айрым заттарды ушундайча ысытканда аларды бузуучу бактериялар өлөт. Пастеризация деп аталып калган бул ыкма мына ушул Пастер агабыздын ысымынан коюлган жана бул ыкма тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1578, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу