Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Педагогикал ык баарлашуу. Функциялары жана техникалары

Мугалимдин эффективдүү кесиптик иш-аракетинин негизи болуп ийгиликтүү педагогикалык баарлашуу болуп эсептелет. Окуучунун социалдашуусунда, инсандык өнүгүүсүндө негизги ролду тарбиялануучулар менен педагогикалык максатта баарлашуу болот. Мугалим канчалык тажрыйбалуу болбосун баары бир баарлашууда кыйынчылыктарга кезигет. Азыркы учурда окуучулар менен баарлашуу объективдүү жана субъективдүү факторлор менен татаалдашып, мугалимди баарлашуунун суроолорун кайрадан карап, ойлонууга мажбурлайт. Педагогикалык баарлашуу бул кандайдыр бир педагогикалык функциялары бар, жагымдуу психологиялык климатты түзүүгө, окуу иш-аракетин жана андагы мамилелешүүлөрдү оптималдаштырууга багытталган мугалимдин кесиптик милдети.

В. А. Кан-Каликтин (26) ой жүгүртүүсү боюнча, кесиптикпедагогикалык баарлашуу бул педагог менен тарбиялануучунун социалдык-психологиялык өз ара аракеттенүүлөрүн багыттоочу, педагогикалык иш-аракеттин максаттарын жана маселелерин уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылуучу методдордун жана ыкмалардын системасы. Педагогикалык баарлашууда коммуникативдик, интерактивдик жана перцептивдик аракеттер ишке ашат. Баарлашуунун жалпы функциялары төмөндөгүдөй: айлана чөйрөнү түшүнүүнү белгилөөчү, таанып-билүү функциясы; аңгемелешүүгө жана маалыматка болгон мамилени көрсөтүүчү, эмотивдик фушщия; окуучунун социалдык-пайдалуу инсандык сапаттарды калыптандыруучу, тарбиялоочу функция; окуучунун өзүн сүрөттөп көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө багытталган, фасилитативдик функция; баарлашуунун жардамы менен ишаракетти координациялоочу, кыймыл-аракетке түрткү болуучу, жөнгө салуучу функция; өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн актуалдаштыруу процессин козгоочу, өзүн өзү актуалдаиггыруу функциясы.

Педагогикалык баарлашууда, билим берүү процессинин бардык субъектилердин өз ара мамилелешүү аракеттерин түзүүчү, координациялык, козгоочулук, информациялык, контакттык, дистанттык функциялар белгиленет. Окуучунун жогору карай өнүгүүсүнө, өзүн өзү актуалдаштыруусуна, байланышынын жүрүшүн колдоочу атмосфераны түзүүгө жардам берет. Жалпысынан педагогикалык баарлашуунун функдиялары мугалимдин кесиптик иш-аракетинин максатына жана баарлашуунун түрлөрүнө көз каранды. Кесиптик педагогикалык баарлашуунун ар түркүн түрлөрү 'мугалим койгон маселелерине жана алардын чечүүдө колдонгон ыкмаларга карай өзгөчөлөнөт. Баарлашуунун түрдүү түрлөрүнө ээ болуу мугалимдин кесиптик жүрүм-турумун оптималдаштырат.

Педагогикалык баарлашуунун оптималдуулугу бул окуучунун туура инсандык калыптануусу үчүн, анын окуу мотивацияларынын өнүгүүсүнө эң жакшы шарт жана чыгармачыл мүнөздөгү окуу иш'аракетин түзгөн, мугалимдин окуучулар менен болгон баарлашуусу. Мындай баарлашуу жагымдуу эмоционалдык климаты, балдар коллективинде социалдык-психологиялык процесстерди башкарууну камсыз кылат жана мугалимге өзүнүн инсандык өзгөчөлүктөрүн максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мындай учурда мугалимдин инсандык өзгөчөлүгү педагогикалык иш-аракети ишке ашырууда негизги инструмент болуп калат. Психолог үчүн баарлашуу бул кандайдыр бир максат менен бири-бири менен сүйлөшүп жаткан адамдардын психологиялык ишаракетинин өтүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү. Педагогдун психолог менен баарлашуусу, балдардын психикалык ишаракеттеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн гана эмес, окуучунун акыл-эсине, сезимине жана эркине таасир этүүнүн нравалык негиздеги формаларын уюштурууга, тарбиялоо процессин башкарууга мүмкүндүк берген, балдардын ички дүйнөсүн, алардын курактык психикалык өнүгүү динамикасын туура түшүнүүгө да жагымдуу шарт түзөт.

Мугалимдердин педагогикалык баарлашууларында эптердин жана ыктардын психологиялык дефицити индивидуалдуу жана спецификалык экенин эске алуу зарыл. Эгер айрым мугалимдер кандайдыр бир жагдайларда коммуникативдик кыйынчылыктарга чалдыкса, кай бирлери андан башка жагдайларда кездешет. Ошондуктан педагогдун коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдө жеке өзгөчөлүгүн, кыйынчылыгын эеке алуу ыңгайлуу.

‘Педагог психолог менен баарлашуунун негизинде көптөгөн кошумча маалыматтарды алат. Психолог байкоонун, интервьюнун, сурамжылоонун негизинде мугалимдин өзгөчөлүктөрүн аныктаса, консультативдик, психотерапевдик иштерди уюштурууда, өткөзүүдө жеңилдиктерге ээ болот. Мындай иш-аракеттин негзинде, мугалимдердин коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдө психологиялык-педагогикалык жеткилең программаларын иштеп чыгуу зарыл.

Педагог психологго кайрылганда теориялык маалыматтар менен гана камсыз кылбастан практикалык колдонуу ыкмаларын да көргөнү оң. Педагогикалык баарлашуунун техникасы бул педагогикалык процессти башкарууга мүмкүнчүлүк түзгөн ыктардын, ыкмалардын, билүүлөрдүн жыйындысы. Мында компоненттердин эки группасын * бөлүүгө болот. Биринчи группа педагогдун өзүнүн жүрүм-турумун башкара билүүсү менен байланышкан. Экинчиси, педагогдун инсанга, коллективге таасир эте билүүсү.

Бул жерде педагогикалык иш-аракеттин технологиясы жөнүндө айтылат, башкача айтканда педагогикалык процессти уюштурууну, корректирлөөнү жана талап кылууну билүү. Психологияда баарлашуунун көптөгөн техникаларын белгилөөгө болот.1. Кайрылуу: катаал каардуу нейтралдуу назик; рационалдуу - тамашалуу - абсурддуу.2. Себеп даражасы: этикетти этибарга албоо сыпайылык (так маркерленген этикет) кичи пейилдик (этикет жана партнерго жагууга умтулуу) адептүүлүк башкаларды сыйлоо сылыктык.3. Жүрүм-турум стили: формалдуу талап ишкердик формалдуу эмес эркиндик тазалык жөнөкөйлүк.4. Сезимдерди билдирүү: ашыра билдирүү эркин сабырдуу начар.5. Кеп: а) дикция: кылыктуу наздуу сыпайы эркин вулгардык; б)диалогдук: партнерго пайдалуу партнерго сүйлөөгө мүмкүндүк берүү ассимметриялыкм симметриялык субъектке пайдалуу ассимметриялык (партнерго угууга гана мүмкүндук берүү); в) жаңсоо: ыксыз жулкунган тактоо жок болуу; г) тил: илимий адабий кесиптик элдик вулгардык диалектикалык; д) кептик стили: протоколдук штамптык турмуштук кыскарган патетикалык (күчтүн таасири менен) риторикалык (кооз, бирок мазмуну начар) поэтикалык (кооз). Мугалим берилген баарлашуу техникаларын автоматташтырылган деңгээлге жеткизген сайын, алар ошончолук ийилчээк, адекваттуу болот. Бирок ошентседа, коммуникативдик маданияттын толук деңгээлде өнүкбөгөндүгүн билдирген, педагогикалык баарлашуунун мыйзамдарын жана структурасын билбегендиги менен байланышкан, педагогикалык иш-аракеттеги баарлашууда кандайдыр бир кыйынчылыктар кездешет. Педагогикалык баарлашууну уюштуруунун негизги элементтеринин бири бул мугалидин сабак учурунда, окутуу таанып-билүү иш-аракетин уюштурууда оптималдаштыруунун каражаты болгон, демилгелүүлүктү колго алуу.

Мында педагог төмөндөгүлөрдү пайдалана алат: 1. класс менен болгон баштапкы контакты оперативдүү уюштуруу; 2. уюштуруу процедураларынан ишкердик жана инсандык баарлашууга оперативдуү өтүү; З. өз ара аракеттешүүдө уюштуруучулук жана мазмундук аспектилеринин ортосунда создугуп калууну алдын алуу; 4. класс менен социалдыкпсихологиялык биримдүүлүккө оперативдүү жетүү; 5. өз ара аракеттешүүнүн башында коллективди мобилизациялоого жөндөмдүү болгон окуу маселелерин, проблемалуу суроолорду коё билүү; 6. позитивдүү багытталган педагогикалык таасирлерди кеңейтүү; 7. коммуникативдик сырткы келбетти камсыз кылуу: тазалык, жыйынчактуулук, активдүүлүк, ажардуулук, ак ниеттүүлүк; 8. өз ара аракеттешүүнүн кептик каражаттарын адекваттуу ишке ашыруу, мимиканы, жаңсоолорду ж. 6. активдүү колдоно билүү; 9. балдарга өз мамилеңди чагылдыра билүү, ачыктык жана боорукердик; 10. ачык, өзүнө тартып турган максаттарды формулировкалоо жана аларды ишке ашыруу жолдорун издөөгө түрткү берүү; 11. окуучунун ситуативдик ички багыттуулугун түшүнө билүү жана аны эске алуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)