Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Педагогикалык психологиянын изилдөө предмети

Баш барак | Психология | Педагогикалык психологиянын изилдөө предмети

Педагогикалык психологияны алып караганда, биринчиден, объект менен предметтин түшүнүктөрүн айырмалоо абзел. Илимдин объектиси бул түрдүү илимдер изилдеп билүүчү нерсе. Объект катары материалдык жана материалдык эмес кубулуштар, процесстер, заттар; тирүү, биологиялык жана абстракттуу системалар; түрдүү татаалдыктагы биологиялык организмдер болуусу мүмкүн. Илимий изилдөөнүн объектиси катары өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсү, адам, коом, цивилизация, космос ж. б. болот. Ар бир объект түрдүү илимдер аркылуу изилдениши мүмкүн. Мисалы адамды антропология, физиология, социология, психология, педагогика ж. б. изилдешет.



Бирок, ар бир илимдин өзүнө тиешелүү предмети бар, башкача айтканда объектидегини изилдейт. Мисалы курактыкжана педагогикалык психологиянын жалпы изилдөө объектиси адам, бирок карай турган предметтери ар башка. Курактык психология үчүн адамдын психикалык өнүгүүсүнүн жана түрдүү куракта инсандык калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүктөрү жана механизмдери. Ал эми педагогикалык психология үчүн адамдын билим берүү процессинде социалдык маданий тажрыйбаларды өздөштүрүү механизмдери жана мыйзам ченемдуүлүктөрү.



Изилдөө объектисинин жалпылыгы педагогика менен психологиянын терең ажырагыс байланышын тастыктайт. Ап эми курактык менен педагогикалык психологиянын изилдөө предметтерин айырмалоо менен дифференциалангандыктары шартталган. Педагопжалык психологиянын изиддөө предметин кароо менен, көптөгөн илимдердин объектиси болгон билим берүүчүлүк, педагогикалык процесс татаал көп функционалдуу кубулуш экендигине көңүл буруп койгон оң. Окутуу процессинин татаалдыгы көп компоненттүүлүгү белгилүү дидакттар Я. А. Коменский, И. Песталоцци, А. Дистервег тарабынан белгиленип кеткен.



А. Дистервег окутуучулук иш-аракетти аныктоочу түрдүү учурларга же предметтерге көнүл буруу зарыл экендигин белгилеген. Тактап айтканда: 1. окутууга дуушар болгон адамга, башкача айтканда окуучусубъектисине; 2. окуп-үйрөнүүчү жана окутулуучу предметке, же болбосо окуу предметине-объект; 3. окуучуга, убакытка, орунга ж. б. түзүлгөн тышкы шарттарга; 4. окутуп жаткан мугалимге. Педагогикалык психологияда билим берүү процессинин көп компоненттүү составы факторлордун өз ара аракеттешүүсү катары функционалдык көз караш менен да каралат. Окуунун эффекттивдүүлүгү факторлордун аракеттешүүлөрүнүн эптешүүсүнө көз каранды, башкача айтканда эмнеге окутуп жатышат, ким жана кантип окутуп жатат, кимди окутап жатат.



Окуунун жана тарбиялоонун психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө педагогикалык психологиянын предмети болуп эсептелинет. Педагогикалык психология окуу процессин жөнгө салуу суроолорун чечмелейт; таанып-билүү процесстеринин калыптанышын изилдейт; окуу процессиндеги акыл эмгегинин эффективдүү өнүгүүсү ишке ашуучу шарттарды жана акылдык өнүгүүнүн критерийлерин аныктайт; педагог менен окуучулар ортосундагы, ошондой эле окуучулар ортосундагы өз ара мамилешүүнүн суроолорун тактайт. Тарбиялоо баланын инсандык өзгөчөлүктөрүнө жана жүрүмтурумуна максаттуу, атайын уюшулган таасир этүүчү процесс, ал эми окуу анын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында өтүүчү процесс. Окутуу менен тарбиялоону өз алдынча процесс катары бөлүүгө болбойт.



Баланы тарбиялоо менен биз аны бир нерсеге окутабыз, ал эми окутуу менен бирге тарбиялайбыз. Педагогикалык психологияда аталган эки процесс, алардын максаттары, мазмуну, методдору, аларды ишке ашыруучу негизги активдүүлүгү айырмаланышкандыктан, өз алдынча кароо негизделген. Тарбиялоо адамдардын инсандар аралык баарлапгуу аркылуу ишке ашат, анын максаты дүйнөгө болгон көз карашты, моралдык, инсандын мүнөзүн жана мотивацияларын өнүктүрүү, инсандык сапаттарды жана адамдык жүрүмдөрдү калыптандыруу боло турган болсо, окутуу түрдүү предметтик теориялык жана практикалык иш-аракети аркылуу ишке ашып, баланын интеллектуалдык жана когнитивдик өнүгүүсүнө негизделген. Окутуу баланын таанып-билүү процесстери менен иш алып барса, тарбиялоо-сезимдери менен жана инсандар аралык мамилешүү менен иштейт.



Ошондой эле окутуунун жана тарбиялоонун методдору да айырмаланышат. Окутуу баланын таанып-билүү процесстери менен, ал эми тарбиялоо анын сезимдери жана инсандар аралык мамилешүүсү менен иш жүргүзөт. Окутуунун методдору билимдерди бир адамдан экинчи адамга өткөзүп берүү ыкмаларын жана окуучуда ыктардын, билүүлөрдүн калыптанышын камтыса, тарбиялоонун методдору социалдык баалуулуктардын, социалдык багыт алууларын, ошону менен катар сезимдердин, жүрүм-турум нормаларын, эрежелерин үйрөтүүгө багытталган. Окутуунун методдору адамдын дүйнөнү кабыл алуусуна жана түшүнүусүнө, материалдык маданиятка негизделген болсо, тарбиялоонун методдору адамдын адамды кабыл алуусуна жана түшүнүүсүнө, адамдык адепке, руханий маданиятка негизделген.



Окутуу менен тарбиялоо процесстери көптөгөн илимдердин изилдөө предмети болуп каралат. Ошону менен катар педагогика илими үчүн негизги предмет экендигин белгилөө абзел. Педагогика балдарды окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын жана маселелерин, анын каражаттарын жана методдорун, алардын практикага ашыруу жолдорун карайт. Ошондой эле педагогикалык изилдөөлөрдүн предметине билим берүүнүн жалпы актуалдуу мазмуну кирет. Балдарды окутуу менен тарбиялоонун психологиялык жактары менен байланышкан билим берүүнүн окуучунун инсандык өзгөчөлүгү, инсандар аралык байланыш аспектилери педагогикалык психологдордун кызыкчылыгы болуп эсептелинет.



Билим берүүнүн психологиялык аспектилеринде түрдүү курактагы балдардын окутуу-тарбиялоонун таасирлерин кабыл алуусу жана бекитүүсү, ошол таасирлердин баланын интеллекттик жана инсандык өнүгүү мыйзамдарына дал келүүсү, тарбиячылар менен тарбиялануучулардын, мугалимдер жана окуучулардын ортосундагы оптималдуу өз ара мамилелерди түзүүсү камтылган. Психологдор окутуу менен тарбиялоо процесстерин изилдөөдө окуу предметтеринин мазмунуна, тарбиялоо таасирлеринин эффективдүүлүгүн эске алуучу максаттарына жана аларга жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көнүл бурушат.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 8792, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу