Перс булуңу

Перс булуңу - Инди океанында, Түштүк-Батыш Азиянын жээктеринде. Араб жарым аралы менен бөлүнүп турат. Чыгышында Ормуз кысыгы жана Оман булуңу аркылуу Араб деңизи менен туташат. Гидрологиялык, гидрохимиялык ж. б. касиеттери боюнча Перс булуңу деңиз болуп да саналат. Аянты 240 миң чарчы/чакырым. Узундугу 926 км, туурасы 180–320 км, эн терең жери 115 м. Жээктеринде аралдар көп (Бахрейн ж. б.), түштүк бөлүгүндө коралл (шуру) рифтери бар. Шатт-эль-Араб дарыясы куят. Балык кармалат. Бермет чогултулат. Булуңдун түбүндө жана ага жакын жайгашкан аймактарда нефтинин ири кени (Перс булуңу нефть-газ бассейни) жаткандыктан, стратегиялык мааниси чон. Маанилүү порттору: Фао, Басра (Ирак), Абадан, Бендер-Шахпур (Иран), Эль-Кувейт (Кувейт), Манама (Бахрейн), Умм-Саид (Катар).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)