Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пьеса

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пьеса

Пьеса (французча piece — чыгарма, үзүндү, бөлүк) — сахнадан, ошондой эле, теле, радиоспектаклдарда, интернетте аткарылууга багытталган драматургия чыгармалар түрлөрүнүн аталышы.

Башка аныктама — драматургия чыгармаларынын түрлүк аталышы, сахнада, ошодой эле теле жана радио спектакльдерде аткарууга арналган.

Музыкада — лирикалык же виртуоздук мүнөздөгү анча чоң эмес музыкалык, негизинен аспаптык, сейрек вокалдык чыгарма. Музыкалык искусстводо «пьеса» термини эреже катары аспаптык музыка чыгармаларынын түрлүк аталышы катарында пайдаланылат.

Пьесанын түзүмү өзүнө аткаруучулардын текстин камтыйт — диалогдор жана монологдор, — жана функционалдык автордук ремаркаларды: иш-аракеттин белгиленген ордун камтыган эскертүүлөр, кээде — интерьер өзгөчөлүктөрүн, каармандардын сырткы көрүнүшүн, алардын өзүн алып жүрүү манералары ж. б. Эреже катары, пьеса аткаруучулардын иш-аракетинин тизмеси менен алдын-алынат, кээде — алардын жашын, кесибин, наамдарын, туугандык байланыштарын көрсөтүү менен.

Пьесанын өзүнчө толук маани бөлүгү же пьесанын үзүндүсү акт же иш-аракет аталат, ал өзүнө андан дагы майдараак түзүүчүлөрдү камтышы мүмкүн — көрүнүштөр, эпизоддор, картиналар.

Жеке пьеса түшүнүгү болсо таза формалдуу гана аталыш болуп, өзүнө эч кандай эмоционалдык же стилистикалык маанини камтыбайт. Ошондуктан, көпчүлүк учурда пьеса анын жанрын аныктаган кошумча сөз башы менен коштолот — классикалык, негизги (комедия, драма, трагедия), же автордук, мисалы: Джордж Бернард Шоудун «Жашасак — көрөбүзү» — «төрт иш-аракеттеги жагымдуу пьеса»; Бертольт Брехтанын «Сычуандык боорукер адамы» — «пьеса-парабола», ошондой эле, Вильям Шекспирдин «Гамлет» драмасы ж. б. Пьесанын жанрдык белгилениши пьесанын сахналык интерпретациясында жөн гана режиссёрго жана актёрлорго «кеңештин» функциясын аткарбастан, автордук стилистикага, драматургиянын элестик түзүмүнө кирүүгө жардам берет. XX кылымда «пьеса» термини лирикалык ыр-саптарга дагы колдонулчу. Драмалар болсо XX кылымда гана пьеса деп атала баштаган.

Музыкадагы музыкалык чыгармалар дагы пьеса деп аталышы мүмкүн. Пьесаны артисттер аткарат. Театрга арналган драмалык чыгармалардын баары — трагедия, драма, комедия, водевиль — ушундайча аталат. Роман же повесть боюнча сахнага спектакль коюла турган болсо, бул роман же повесть адегенде сахнага ылайыкташтырылат, башкача айтканда пьесага айландырылат.

Эгер силер кандайдыр бир пьесаны окуй баштасаңар, анын повесттен же романдан айырмасы — пьесада эч кандай сүрөттөөлөрдүн жоктугунда, анын аңгемелешүүлөрдөн гана тургандыгында деген ой туулушу мүмкүн. Бардык пьесалардын мазмунунда окшоштук бар — каармандар жолугушуп сүйлөшүүгө киришет, башкача айтканда диалог башталат деп да ойлоого болот. Пьесанын бул өзгөчөлүгү көзгө дароо урунуп тез байкалат. Бирок да, анын эң негизги өзгөчөлүгү эмес.

Пьесанын автору каарманынын тигил же бул аракетин көрсөткөндө эч убакта өткөн чакты колдонбойт. Ал эч качан кирген, турган, отурган дебейт. Ал сөзсүз кирет, турат, олтурат деп жазат. Мунун себеби романда же повестте эң башкысы — окуяны, көрүнүштү сүрөттөө, ал тууралуу айтып берүү. Пьесадагы окуя тууралуу бизге эч ким айтып бербейт. Ал биздин көз алдыбызда өткөн сыяктанат.

Пьесадагы эң башкы нерсе — көрүнүш, аракет. Пьесанын каармандарын бекеринен көрүнүшкө, аракетке катышуучу адамдар деп аташпайт. Романда же повестте кейипкер тууралуу бизге айтып беришет. Пьесада кейипкер — азыр, ушул учурда биздин көз алдыбызда аракет кылып жаткан адам. Муну ал сөзсүз эле ары-бери басат же кылычташып сайышат деп түшүнүүгө болбойт. Каармандардын жөн эле сүйлөшүп олтурганы да аракет болуп эсептелет. Алар сүйлөшүп жатып бир нерсени чечишет, кубанышат, капаланышат, кыйналышат, азап тартышат, башкача айтканда аракет кылышат.

Мындай аңгемелешүүдө ар бир суроо-жооп каармандын тагдырын өзгөртүүгө, анын турмушунда төнкөрүш жасоого алып келген аракет болушу мүмкүн. Бирок бул аракеттердин баары эмне үчүн болот? Эмне үчүн каармандар ыйлашат же күлүшөт, кубанышат же кайгырышат, бирөөнү жакшы көрүшөт же жек көрүшөт, өз өмүрүн тобокелге салышат же тагдырларын күтүүсүз жерден чукул өзгөртүп, ал тургай кээде биздин көз алдыбызда курман болушат? Бул чыгарманын негизги идеясы, автордун каармандарга жеткирейин деген ойлору курч, ачык, ишенимдүү жана түгөндөлгүс болуусу үчүн зарыл. Мунун баары көрүүчүлөр оюн бүткөндөн кийин залдан чыкканда жакшылык жана акыйкатты коргоого даяр туруусу үчүн жасалат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5833, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо