Петунников бадамы

Петунников бадамы (Amygdalus petunnikowii), (Litv.) - Бийиктиги 1 м ге чейин жеткен бадал. Бутактары түксүз, тикенеги жок. Жалбырактарынын узундугу 2-3 см, туурасы 3-5 (10) мм, ичке ланцеттей, теги учтуу шынаадай, кыска жалбырак саптуу. Гүлдөрү мала кызыл, кыска гүл саптуу. Мөмөсү тегиз эмес капталдуу, теги кыйшык имерилген, жыш түктүү сары мөмө коргондуу, данегинин сырты тор-тилкелүү.

Апрелдин орто ченинде гүлдөйт. Мөмөлөрү сентябрда бышат. Вегетациясы сентябрдын аягы – октябрдын башында аяктайт. Уругу аркылуу көбөйөт. Табигый шартта өзүнөн-өзү өсүп чыгуусу жокко эсе.

Батыш Тянңшанң (Казакстан, Өзбекстан). Кыргызстанда – Чаткал тоо кыркасы (Чаткал дарыясынын бассейни) жана Талас тоо кыркасы (батыш бөлүгү).

Дарактуу жана бадалдуу өсүмдүктүүлүк алкактардын түндүк шагылдуу капталдары.

Маалымат жок.

Түр өскөн аймактарда малды чексиз жаюу.

1965-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ботаникалык багында өстүрүлүп келет. Вегетациясы апрелдин биринчи жарымында башталат. Апрелдин орто ченинде гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягында бышып жетилет. Кыштан негизинен жабыркоосуз чыгат, бирок өтө ызгаардуу температуралуу кыштарда кээбир экземплярлары солуп калат.

Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтомунун негизинде 1975-жылдан бери мамлекеттик коргоого алынган түрлөрүнүн тизмесине киргизилген. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.

Түр максималдуу учураган аянттарда: Чаткал тоо кыркасынын Чаткал дарыясынын боюнда, Талас тоо кыркасынын батыш бөлүгүндө ботаникалык заказниктерди уюштуруу, ботаника багына интродукциялоо зарыл.

V U . Жер Ортолук деңизинен Азиянын борборуна чейин өскөн тукумдун 40 түрүнүн бири. Реликт, аз санда кездешкен эндем түр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)