Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Пифагор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Пифагор

Биздин заманга чейинки 570-500-жылдар. Бул байыркы грек окумуштуусунун өмүрүнөн анын Самос аралында туулгандыгы, мындан 2500 жыл мурда Кротонго (азыркы Италиядагы байыркы грек колониясы) көчүп барганы гана белгилүү. Ал жерде өз шакирттери - пифагорчулар менен бирдикте илимий иштерди жүргүзгөн. Шакирттери өздөрү илимде ачкан нерселердин баарын устатына тийиштүү кылышкан. Мына ошондуктан көптөгөн маанилүү илимий ачылыштар Пифагордун ысымына байланыштуу. Геометрияда - айтылуу Пифагор теоремасы, ошондой эле кээ бир тең жактуу айрым көп бурчтуктар жана көп капталдуу фигуралардын түзүлүшү, географияда жана астрономияда - жер тоголок формада жана ага окшош башка дүйнөлөр бар деген түшүнүк, музыкада - кылдан же үйлөнмө көңдөйдөн чыккан үндүн алардын узундугуна көз каран дылыгын аныктоо. Ушул ачылыштардын баары мындан эки жарым миң жыл мурда жасалгандыгына ишене да албайсың! Пифагор өлгөндөн кийин ал жөнүндө көптөгөн аңгемелер айтылганы бекеринен эмес. Мисалы, жаш кезинде Египетке барып, анда көп убакыт жашап, египет жрецтеринен окуптур. Кийин Индияга, Ганг дарыясынын жээгине саякат жасап, дин кызматкерлери менен аңгемелешиптир.

Ал өзүнүн атактуу теоремасын далилдегенде музаларга ыраазылыгын билдирип, жүз өгүздү курмандыкка чалган деп да айтышат. Чындыгында, бул окуялардын баары ойдон чыгарылган болсо керек. Пифагор менен анын шакирттери жасаган ачылыштар чындык, бул ачылыштар азыр да жашап жатат жана түбөлүккө жашай бермекчи.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3896, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу