Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Пиримидин

Пиримидин (3-диазин) – курамы C4H4N2 болгон, циклде эки азоттун атому бар гетерициклдүү бирикме: 4

5 N3

6 2

N

1

П - кадимки шартта 22оС балкып эрип, 124оС кайноочу, сууда жакшы эрүүчү кристалл. Ал начар негиздүүлүк касиетке ээ болгон ароматтык бирикмеге тиешелүү. П. мол-сындагы азот атомдору терс электрлүүлүгү жогору болгондуктан, алар циклдеги электрондук булуттарды өздөрүн көздөй тартып, пиридинге салыштырганда П. ядросундагы көмүртек атомундагы электрондун тыгызд-н алда канча азайтат, айрыкча анын мол-сындагы 2-, 4- жана 6- көмүртек атомундагы электрондор тыгызд. аз болот. Демек, нуклеофилдик реагенттер. П. 2-,4- жана 6- көмүртек атомундагы суутек атомдору менен орун алмашса, электрофилдик реагенттер электрондук тыгызд. бир аз көбүрөөк болгон 5-көмүртек атомундагы суутек атому менен орун алмашат. П. шакекчеси В1 витамининин, айрым бир коэнзимдердин, антибиотиктер курамдарында болот. Анын окси - жана амин туундулары П. негиздери деп аталып, маанилүү биологиялык активдүү заттарга тиешелүү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)