Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Пищугин Фёдор Васильевич

Пищугин Фёдор Васильевич (1942-жылы туулган, Фрунзе) – химия илимдеринин доктору (1991), профессор (1996), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү (2000). Кыргыз мамлекеттик университетин (1967) Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Органикалык химия институтунун аспирантурасын (1970) бүтүргөн. Ошол институтта кенже, улук, башкы илимий кызматкер жана лабор. башчысы болуп иштеген (1970-94). 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Органикалык химия институтунда лаборатория башчысы. Физикалык химия жана табигый бирикмелер химиясы боюнча адис. 120дай илимий эмгеги, анын ичинде3 монография 12 автордук күбөлүк жана патент, 5 окуу методикалык окуу куралы бар. Эмг.: Строение и реакционная способность гликозидов (в соавторсве). Ф., 1990, Строение реакционная способность целлюлозы (в соавторстве). Ф., 1990.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)