Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Пишпек шаардык думасы

ПИШПЕК ШААРДЫК ДУМАСЫ – 1917-жылы августтан 1918-жылы июнга чейин иштеген шаардык өзүн-өзү башкаруунун тескөө органы. Шаарды көрктөндүрүү, мектеп, медициналык, маданий-агартуу иштерине каражат жыйнап, соода иштерин уюштуруп, шаар башчысын жана анын орун басарларын, шаардык башкарманын мүчөлөрүн, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана мүчөлөрүн шайлаган. Октябрь революциясынан кийин бул дума контрреволюциячыл маанайда иш жүргүзгөн. 1918-жылы 10-июлда таркатылган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)