Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Планета

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Планета

Планета грек сөзү, селсаяк жылдыз дегенди билдирет. Планеталар асманда жылдыздар сыяктуу белгилүү бир орунда турбастан алардын арасында жылып жүрөт. Мунун себеби - алардын күндүн тегерегинде айлангандыгы. Күнгө баарынан жакын планета - Меркурий өз орбитасында чоң ылдамдык менен кыймылдайт. Күндү толук айланып чыккан мезгил жердеги 88 суткада айланып чыгат. Бирок Меркурий өз огунда өтө жай айланат. Андагы бир сутка жердеги 59 суткага барабар.

Чолпон, Жер, Марс да планеталар. Азыр зор Юпитер планетасына көңүл буралы. Ал түнкү асманда жарык, чоң ак жылдыз болуп көрүнүп, жылдыздардын арасында акырындап кыймылдайт. Юпитер - күн системасындагы эң чоң планета. Анын диаметри 142000 чакырымга жакын, күндөн алыстыгы 5.2 астрономиялык бирдикти түзөт. Астрономиялык бирдик деп жерден күнгө чейинки аралык - 150 млн чакырым кабыл алынган. Аралыктын алыстыгына байланыштуу Юпитерге күндүн жарыгы, жылуулугу өтө аз жетет. Анын бети дайыма муздак 140 градус суук болуп турат. Юпитердеги бир жыл жердеги дээрлик 12 жылга барабар.

Юпитерди айланган 12 жандоочусу бар. Алардын төртөөнү чоңдугу боюнча Меркурийге же айга салыштырууга болот. Юпитерден ары Сатурн жайгашкан. Анын күндөн алыстыгы 9.5 астрономиялык бирдик, Сатурндагы жыл жердин 30дай жылына барабар, анын 10 жандоочусу бар. Күн системасындагы планеталардын ичинен Сатурн гана эң сонун жалпак алкактар менен курчалган, алар чогуу бир чоң алкак сыяктуу көрүнөт. Бул алкак өтө зор, ага жер сыяктуу төрт планета сыймак. Бирок бул алкак анча деле жазы эмес - болгону 3 чакырымдай.

Алкак жерге кырынан туш келип калганда аны эң күчтүү телескоп менен да көрүүгө болбойт. Сатурндун алкагы туюк эмес, ал туташ жайгашкан өтө көп майда жандоочтордон турат. Юпитер менен Сатурн - алп планеталар. Алар негизинен суутек менен гелийден турат. Көлөмү боюнча Юпитер жерден 1345 эсе, Сатурн 767 эсе чоң. Уран планетасын адамдар кийин билишти. Ал 1871-жылы табылган. Урандын күндөн алыстыгы 19 астрономиялык бирдик, андагы жыл 84 жер жылына барабар. Уран жерден 73 эсе чоң, анын 5 жандоочусу бар. Нептун планетасын телескоп аркылуу эмес, математикалык эсептөө жүргүзүп табышты.

Бул кандайча болду? Француз математиги Леверье Уран планетасы табылгандан кийинки 60 жыл ичинде өзүнүн эсептелген орбитасынан четтегендигин аныктады. Астрономдорго али белгисиз башка бир планетанын таасиринен, өзүнө тартканынан улам, Уран жолдон чыкты деп чечти Леверье. Көп эсептөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин окумуштуу бул белгисиз планетаны кай жерден издөө керектигин көрсөттү. Ал дал ошол ордунан табылды! Нептун жерден 60 эсе чоң, андагы бир жыл 165 жер жылына барабар.

Анын 2 жандоочусу бар. Курамы жана түзүлүшү боюнча Уран менен Нептун Юпитер менен Сатурнга окшош. Плутон планетасы күндөн алыс четки орбита боюнча айланат. Окумуштуулар Плутон тууралуу 1930-жылы гана билишти. Андан күнгө чейинки аралык 40 астрономиялык бирдикке барабар. Плутондогу бир жыл жердеги 250 жылга туура келет.

Анын чоңдугу жерге чамалаш. Плутон тууралуу маалыматтар азырынча өтө аз, анткени алыс жайгашкан планетаны изилдөө абдан кыйын. Айтылып кеткен 9 планетадан тышкары (буларды чоң планеталар деп айтышат) Күн системасында Марс менен Юпитердин орбиталарынын ортосунда көп сандаган майда планеталар күндү айланышат. Алар астероиддер деп аталат. Азыр 1700дөн ашуун астероид белгилүү.

Бир нече жүздөгөн метрден жүздөгөн чакырымга чейинки диаметрдеги майда планеталар бар. Алардын эң чоңу - Церера. Анын диаметри - 770 чакырым.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7223, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу