Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Планктон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Планктон

Кандайдыр бир илим-изилдөө кемесине түшөлү да, биологдор океандан палубага тартып чыккан өтө майда согулган чакан торду карап көрөлү. Анда эмне бар? Мына, тордун кууш оозу да чечилип, айнек идишке кисель сымал киргилт суюктук куюлду. Стаканга таза суу куюп, ушул таң каларлык олжодон бир аз кошолу. Сууда ал эрип кеткенсип жоголот. Эми чоңойтуп көрсөтүүчү күчтүү айнек менен стаканга көз жүгүртөлү. Сууда кыбырап сүзүп жүргөн түрдүү жандыктарды көрөбүз. Алар кудум эле парашют, жел кеме, аба шары, кар бүртүкчөсү, жылдызча... сыяктанышат.

Ушунун баары планктон - океандагы тирүү керемет. Аны эң майда рак сымалдар, медуза, сөөлжан, бир клеткалуу балыр, балык жана моллюскалардын икра, личинкалары түзөт. Алар сууда начар сүзүшөт, ошондуктан океандын агымы же шамал менен кошо туш келди жыла берет. Ошондуктан аларды планктон деп аташат, бул сөз грекче калкуучу дегенди билдирет. Балыктар менен киттер планктон чогулган жерлерди издешет, анткёни бул алардын негизги тамагы.

Эгер кокус планктон жок болуп кетсе, океандагы чоңураак жандыктардын баары, ал тургай киттер да ачкадан кырылмак. Планктон өтө аш болумдуу. Бул тирүү кисель белок, май, витаминдерге бай, даамы да дурус. Аны адам жесе да болот. Океан, деңиздердеги бардык тирүү планктондун таза салмагы башка бардык жандыктардын чогуу салмагынан 20 эсе көптүк кылат. Планктон тузсуз суларда да жашайт. Бирок мына муну дайыма эсте тутуу зарыл: планктон өтө назик, ошондуктан дүйнөлүк океандын өнөр жай калдыктары булгаган жерлеринде тез эле өлүп жок болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 454, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо