Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Полиартрит жана полидактилия

Полиартрит — муундардын сезгенүүсү. Ал инфекциядан же муундарда зат алмашуу бузулгандан пайда болот. Белгилери: муундар ооруп, кызарат, шишийт, деформацияланат, функциясы бузулат жана башка лар Катуу кармаган, өнөкөт түрлөрү бар. Пайда болушуна жараша инфекциялык, дистрофиялык, башка оорулар менен байланыштуу П. болуп бөлүнөт. Инфекциялык П-ке ревматизм (кызыл жүгүрүк) кирет. П. зат алмашуунун бузулушунан, уулануудан да болот, мисалы, анкилоздуу П., спондилоартрит жана башка лар Бул ооруда муун кабыгында, кемирчектерде, сөөктөрдө, байламталарда өзгөрүүлөр кездешет. Дарылоо муундардын оорусун пайда кылган ооруга каршы жүргүзүлөт; антибиотиктер, гормон дарылары, сезгенүүгө каршы, ооруну басаңдатуучу дарылар, физиотерапия, айыктыруучу гимнастика, хирургиялык жол колдонулат. Цхалтубо, Пятигорск, Саки, Евпатория жана башка лар курорттордо дарыланса болот.

П-ти алдын алуу үчүн эмгек жана турмуш шарттарын жакшыртуу, эмгекти коргоо, кесип ооруларына жол бербөө, турак жай, кийим гигиенасын сактоо жана башка лар чаралар көрүлөт. Полидактилия (көп манжалуулук) — өсүү кемтиги; бутта же колдо ашыкча манжа пайда болуу. Тубаса кемтиктердин арасынан П. көп кездешет. П-га манжалардын эки ачаланып кетиши жана теринин манжага окшошуп калышы да кирет. Алты манжалуулук көп кездешет. Көбүнчө бир аякта 12 — 13 манжадан ашык кездешпейт. Кошумча манжа адатта алакандын же бут кетменинин сырткы же ички жээгинен орун алат да, көпчүлүк учурда кошумча манжа жетилбеген болот.

П-ны дарылоодо хирургиялык жол гана колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)