Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Полот хан

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Полот хан

Исхак Хасан уулу, Исхак Молдо (1844-жыл чени, Маргалан уезди, Охна кыштагы - 1876, Жаны Маргалан ш.) - 1873-76-жылдардагы Кокон которулушунун башчыларынын бири болгон. Ичкилик уруусунун бостон уругунан, Атасы Маргаландагы медресе мудариси болуучу. Полот хан биринчи ирет Кокондогу Тункатар медресесинде, кийин Маргаландагы «Ак медреседе» билим алган. 1867-жылы молдо Исхак билим алуусун таштап, оз уругунун кочмондору тиричилик кылган Сох кыштагына, кийинчирээк Охна кыштагына келет. Калк ичинде болууну коксогон Исхак молдо Анжиян шаарында жашап калат. Соода иштери аркасында Ташкенге келип-кетип журуп, ал жактан лашкер Алымкулдун пикирлеши, кыргыздын элинин курама уругунан чыккан, чаткалдык Абдымомун аталык деген адам менен таанышат. 1873-жылы Кокон которулушу башталганда калк Алим хандын небереси Полот бекти которулушту хан катары жетектоосун отунушкон.

Шер датка баш болгон кыргыз окулдору Самарканга Полот бекке барышкан, бирок ал андай сунуштан баш тарткан. Алар Самаркандан келе жатканда, Ташкенге Абдымомундун уйунон ону-тусу Полот бекке окшош Исхакка кезигип, аны Полот бектин ордуна болууга кондурушкон. Ошентип, Полот хан 200 жоокери менен Чаткалда которулушко башчылык иштерин аткара баштайт. Чаткалга жакыныраак жайгашкан Алабука, Акташ, Нанай, Кокжар, Мамай, Сафедбулон жана башка кыштактардагы калк Полот ханды, хан деп таанып-атап, Кудаяр ханга которулушко кошулушкан. Которулуштун кыймылдаткыч кучу карапайым калк - кыргыз, озбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар менен бирге оз кызыкчылыктарын коздогон феодалдардын окулдору да катышкан. Кийинчирээк Полот хан которулушко катышкан феодалдардын таасири аркылуу Кокондун мурдагы хандарынын саясатын уланта-жургузгон.

Которулуштун журушунун экинчи этабы 1875-жылы июлда Россия империясынын окмоту Полот хандын жетекчилигин мыйзамга жатпайт деп, Кокон хандыгынын жерине орус жоокерлерин киргизууго жеткен. М. Д. Скобелевдин жетекчилиги алдындагы орус жоокерлеринин кучу менен которулуш басандап, Кокон хандыгы ыдырап-жоюлуп, Фергана облусу аттуу ат менен Россия империясынын козомолуно откон. Озунун тегерегиндеги феодалдардын чыккынчылыгы аркылуу Полот хан падышалык бийликтин колуна тушкон. Убактылуу Жаны Маргалан шаарындагы орус турмосундо кармалып турган. Аскер сотунун окуму менен Жаны Маргалан шаарында 1876-жылы 1 мартта дарга асылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6533, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу