Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Порт-Оф-Спейн

Порт-Оф-Спейн – Тринидад жана Тобаго Республикасынын борбору (1962-жылдан). Тринидад аралынын түндүк-батышында (Кичи Антил аралы тобу), Кариб деңизинин Пария булуңунун жээгинде жайгашкан. Климаты нымдуу жана ысык субэкватордук. Жылдык орточо жаан-чачыны 1910 мм. Январдын орточо температурасы 26°С, июлдуку 27°С. Калкы 50,0 миң (2010). Деңиз порту. Эл аралык аэропорту бар. Шаар испандар тарабынан 16-кылымда индейлердин тургун жайынын ордунда негизделген. 18-кылымдын аягынан Тринидад ээлигинин башкы шаары. Президенттин жана республиканын өкмөтүнүн туруучу жайы. Металл иштетүү, тамак-аш, цемент, текстиль өнөр жай ишканалары жана кеме верфи иштейт. Англикан собору (1816-23), католик чиркөөсү (1832), мусулман мечити, индуисттердин храмы, улуттук музей, архив, сүрөт галереясы, университет, политехникалык институт, колледж, борбордук китепкана бар. Ири илимий уюму – Кант өндүрүшүнүн технологдорунун ассоциациясы. Ботаникалык бак (экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган. Жыл сайын ар кандай эл аралык фестивалдар өткөрүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)