Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Портрет

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Портрет

Портрет - адамдын же адамдар тобунун живопись, гравюра, графика, скульптура (бедиз) түрүндөгү сүрөтү. Портретте сүрөтчү адамдын сырткы кебете-кешпирин, турпатын окшоштуруп берүү менен эле чектелбестен анын кулк-мүнөзүн ачууга, турмушу, иши жөнүндө айтып берүүгө аракет кылат. Сүрөтчү өзүн өзү тартса автопортрет деп аталат. Алгачкы портреттер биздин заманга чейин эле байыркы египеттиктер менен гректерде жаралган. Бирок аларда адамдар кудайдын же мифтеги баатырлардын кебетесинде тартылган. Кайра жаралуу доорунда сүрөтчүлөр адамды чыныгы турпатында, өзүнө гана окшоштуруп тартууга умтулушкан. Бул мезгилдеги сүрөтчүлөр Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэль эң сонун портреттерди тартышкан. 15-16-кылымдарда портрет тартуу өнөрү айрыкча өсүп өнүктү. Бул мезгилде сүрөтчүлөр өз замандаштарынын портреттерин укмуштай чеберчилик менен кендир кездемеге кагазга тартышкан, мрамор, коло статуя түрүндө жасашкан. Дүйнөдөгү көптөгөн музейлерде 15-кылымдагы италиялык залкар сүрөтчүлөр Ботичелли менен Тициан Вечеллио, 16-кылымдагы немец сүрөтчүсү Дюрер, 17-кылымдагы фламанд сүрөтчүлөрү Рубенс менен Ван Дейк тарткан портреттер коюлган.

19-кылымдын биринчи жарымында Россияда эң сонун сүрөтчү - портретчи В. А. Тропинин жашаган. Уулумдун портрети - анын мыкты сүрөттөрүнүн бири. Күрмөсүнүн жакасын жакжайта ачып койгон ак жуумал сүйкүмдүү бала алысты ынтаалуу карап турат. Ошол жакта кызыктуу бир нерсени көрүп тургандай. Баланын жүзүнөн, мойнун чукул бурганынан анын ойноок, ошол эле мезгилде назик мүнөзүн, дүйнөнү таанып-билүүгө дилгирлигин баамдайбыз. Анын жүзүнө эртең мененки күн шооласы түшүп турат.

Портреттеги бардык боёктор бири-бирине шайкеш. Портрет жашоо кубанычына, сүймөнчүктүү балалыкка толгон. И. Е. Репин, И. Н. Крамской, В. А. Серов жана башка атактуу орус сүрөтчүлөрү көптөгөн ажайып портреттерди тарткан. Сүрөтчүлөр М. В. Нестеров, А. И. Герасимов, В. И. Мухина, П. Д. Корин жана башкалар замандаштарыбыздын жана тарыхта аты калган ишмерлердин мыкты портреттерин жаратышкан. Кыргыз сүрөтчүлөрү С. А. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, Т. Садыков жана башкалар кыргыз жергесиндеги адамдардын жандуу, дилдүү потреттерин тартышты.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3962, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу