Прополис

Прополис — бал аарылар чыгаруучу жабышкак чайыр зат. П-ти аарылар бал челектин капталына сыйпап, тешиктерин бүтөйт. Даамы ачуу, сироп сымал, түсү сары же күрөң. Сакталганда коюлуп, канифолго окшош кочкул күрөң массага айланып катыйт. 80—104° С температурада эрийт. Составында 50—55% өсүмдүк чайыры, 8—10% эфир майы, 30%ке жакын мом бар. Ар бир бал челектен бир сезондо 100—150 г П. алынат. П. микробдорго каршы таасир берет. Ал экзема, жараат жана башка лар колдонулуучу дары майлардын составына кирет.

Аны врачтын сунушусуз колдонуу жарабайт, себеби алар кээ бир ооруларды күчөтүшү мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)