Пржевальск аскер жумушчу депутаттар кеңеши

Пржевальск аскер, жумушчу депутаттар кеңеши 1917-жылы июнда аскер депутаттар кеңештеринин бириккен кеңешине Жумушчу депутаттар кеңеши кошулуп түзүлгөн. кеңеште адегенде меньшевиктер көптүк кылган. 1917-жылы октябрдын башынан Дыйкан, аскер депуттар кеңеши аталган. 1918-жылы бул кеңеш большевиктештирилген. 1918-жылы 26-июнда өткөн кеңештердин 1-съездинде Каракол аймагында кеңеш бийлигинин жеңишин жарыялаган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)