Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Псевдоним

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Псевдоним

Өткөн кылымдын орто ченинде Россияда Козьма Прутков деген жазуучу пайда болду. Анын чыгармалары таң каларлык эле. Окурмандар Козьма Прутков эмне тууралуу ой жүгүртпөсүн (ал өтө терең ой жүгүртүүнү, айрыкча акыл айтууну жакшы көргөн) анын мактанчаактыгы менен ала көөдөндүгүнө боору эзилгенче күлүшүп, бул кандай акылсыз адам деп таң калышты. Чындыгында эч кандай Козьма Прутков деген адам болгон эмес. Ойдон чыгарылган бул ат менен үч жаш адабиятчы - бир тууган А. М., В. М. Жемчужниковдор жана А. К. Толстой өз чыгармаларын жарыялашкан. Макоолукту, акылы тайыздыкты, кекирейүүчүлүктү шылдыңга алуу максатында алар өздөрүнө жалпы Козьма Прутков деген псевдоним ойлоп табышты (псевдоним деген сөз грекчеден которгондо жалган ысымдуу адам дегенди билдирет). Дагы бир мисал келтирели. Балким силер Кукрыниксынын эң сонун сатиралык сүрөттөрүн, живопистик картиналарын көргөн чыгарсыңар. Кукрыниксы да сүрөтчүлөр М. В. Куприянов, П. Н. Крылов жана Н. А. Соколовдун коллективдүү псевдоними.

Псевдоним, башкача айтканда ойдон чыгарылган ысымды көбүнчө искусство адамдары - жазуучу, акын, сүрөтчү, артисттер алышат. Мисалы, айрым жазуучуларга өз ысымы өзүнө күлкүлүү же уккулуксуз сезилет, ошентип ал китебин псевдоним менен жазат. Актёрго анын ысымы оңой болушу маанилүү, анткени аны сахнада же радиодо көп жолу жарыялоого туура келет. Мындай учурда ысымдын жеңил айтылып, уккулуктуу болушу ыңгайлуу жана оңой эстеп калууга мүмкүн. Ал эми айрым акындар өз ырларын ким жазганын көмүскөдө сактоону чечип, ойдон чыгарылган ысым менен басмадан чыгарат. Искусство адамдарын өз ысымын жашырып, псевдоним алууга мажбур кылган себептер көп. Бул алардын укугу жана жашырын сыры.

Алардан уруксат албастан эч ким аны ачыкка чыгарууга тийиш эмес. Силер көп эле псевдонимдер менен тааныш болсоңор керек, бирок анын тарыхын билбешиңер мүмкүн. Мисалы, кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев Балка, Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшев Арсар деген псевдоним менен эң сонун чыгармаларды жаратып, элге таанылган. Максим Горький деген ысым - Алексей Максимович Пешковдун псевдоними. Аркадий Петрович Голиков Гайдар деген псевдоним менен белгилүү.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1690, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу