Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Психологиялык климат жана ырктуулук

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Психологиялык климат жана ырктуулук

Психологиялык климат ырктуулук мамиледе айрыкча ачык көрүнөт. Психологиялык жагдайды түзгөн жубайлар, чыгармачылык жана социалдык иштерин толук жүзөгө ашырып турган үй-бүлөнүн ынтымагы эмеспи. Мына ушул гармонияны психологиялык ырктуулук шарттап турат. Ырктуулук дегендин өзү эмне? Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон каалоолору, мамилелери. Ырктуулуктун негизинде, үй-бүлө мүчөлөлөрү өз ара бири-бирин жакшы түшүнүүгө, бири-биринин кемчилигин да, жакшы жактарын да мыкты билүүгө алып келет.

Жөндөмдүүлүктү, жакын адамындын жакшы жактарын көрө билүү андан идеалдуулукту байкоо, адам болгон сон анын дагы кемчилиги болбой койбой турганына түшүнүү - мына ушулардын баары үй-бүлөдөгү ырктуулуктун чыныгы көрүнүшү болуп саналат. Ырктуулуктун калыптанышы үчүн критерийлердин, баалоолордун окшоштугу ой жүгүртүүлөрдүн бири-бирине дал келип турушу чон мааниге ээ. Мисалы: кызы же уулу капаланып келди. Ата-энелердин кээ бири ыгы жок суроолорду жаадырат, кээси сабырдуулук менен мамиле кылат. Бул жерде ырктуулук кайсы, ырксыздыгы кайсы?1.Кыз үйгө капалуу келди. - Кызым сага эмне болду?

Кызы унчукпайт. - Бирөө менен уруштунбу? Жооп бербейт. - Сен эмне, менин сөзүмдү уккан жоксунбу?

Токтой турчу апа бир аз. - Сен эмне үчүн мага эч качан ачыгын айтпайсын ыя?2.Кызы үйгө капалуу келди. Атасы ага кайрылды. - Кызым сага эмне болду? Жооп бербейт - Эч нерсе эмес капаланба. Баары жакшы болот. Тынчсызданба. - Сен аябай боорукерсин.

Рахмат, атаке! Ата энелердин кимиси чыдамкай жана кимисиники туура? Үй - бүлөдөгү ырктуулуктун көрсөткүчү төмөндөгүлөр: - Үй-бүлөнү сактоо;-Психологиялык кам көрүү;-Ишенимдүүлүк;-Коргоочулук;-Пикир алышуу, сырдашуу.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 889, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо